Menu

Өзбекстан Гаага конференциясына мүчө болот

Бөлүшүү:

Өзбекстан жыл соңуна чейин Эл аралык жана жеке укук боюнча Гаага конференциясына мүчө болууну пландап жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, өзбек делегациясы аталган уюмдун 18-24-июнь күндөрү Нидерландда өтүп жаткан 22-дипломатиялык сессиясына катышууда. Анын жыйынтыгында Гаага конференциясы «Жарандык же коммерциялык иштер боюнча кабыл алынган чет өлкөлүк соттордун чечимдерин аткаруу тууралуу» конвенция кабыл алат деп күтүлүүдө.

ТИМден билдиришкендей, Өзбекстандын конференцияга кирүү жараяны быйыл мартта эле башталган.

1893-жылы түзүлгөн Эл аралык жана жеке укук боюнча Гаага конференциясы эң байыркы өкмөттөр аралык уюмдардын бири болуп эсептелет. Анын максаты — эл аралык жана жеке укуктун нормаларын акырындык менен бир түргө келтирүү. Учурда ага дүйнөнүн 82 өлкөсү мүчө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: