Menu

БУУ журналист Хашоггинин өлүмүнө Сауд Арабиясын күнөөлүү деп тапты

Бөлүшүү:

БУУнун атайын баяндамачысы Аньес Каламар саудиялык журналист Жамал Хашоггинин өлүмү боюнча иликтөөнүн жыйынтыктарын жарыялады.

Анын айтымында, Түркиянын атайын кызматы Хашогги Сауд Арабиясынын Стамбулдагы элчилигинде өлтүрүлгөн күнү жаздырылып алынган аудио жазуулардын айрымдарын БУУнун эксперттер тобуна берген. «Бул аудиожазуулар жана башка далилдер Хашоггинин өлүмү Сауд Арабиясындагы айрым жооптуу кызмат адамдарынын алдын-ала даярдалган, мыкаачылык менен ишке ашырылган планы болгонун ырастайт», – деди Каламар.

Мындан тышкары БУУ Эр-Риядды Хашоггинин өлүмүн ачык, калыс иликтебегени үчүн да айыптады. Каламардын пикиринде, бул кылмышка Сауд Арабиясынын бийлигин күнөөлүү деп эсептөөгө болот. Ал Эр-Риядды Хашоггинин үй-бүлөсүнөн кечирим суроого жана бул иш боюнча шектүү катары кармалган адамдарды бошотууга чакырды.

Бул баяндама жарыялангандан кийин бир катар өлкөлөр Сауд Арабиясынын бийлигиндеги кызмат адамдарына, анын ичинде ханзаада Мохаммед бин Салманга карата персоналдык санкцияларды киргизиши мүмкүндүгү болжолдонууда.

Жамал Хашогги былтыр октябрда Суад Арабиясынын Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлгөн. Анын сөөгү дале болсо табыла элек. Журналист элчиликтин кабылдамасына кирген бойдон чыккан эмес. Бир нече жумадан кийин саудия бийлиги Хашогги дипломатиялык өкүлчүлүк имаратында өлгөнүн ырастаган. Анда журналист консулдук кызматкерлери менен уруша кетип, кокустан каза болгону айтылган. Эр-Рияд анын өлүмүн уюштурган деген айыптоолорду четке кагып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: