Menu

Дастан Жумабеков төрагалыктан кетпесе, кырдаал чатагына айланышы мүмкүн

Бөлүшүү:

Өткөн жумада спикер Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин борбордук трибунасынан окшошпосо да Өмүрбек Текебаевди туурап сүйлөп, кыймылдары жарашпаса да калчылдап, а оозундагы сөзү кошоматтан ары көтөрүлө албай, кала берсе, мамлекетке, элге күйүмүш эткендей түр көрсөттү. Айткан кебинин жугуму жок, жасалма эмоция менен эдирендеди. Уят! «Чимкириктин» образы ушундай беле? Негизи Дастан Артисбекович дарыгер агасы Сабыр Жумабековдун кадыр-баркы жана акчанын күчү аркылуу депутат болгон. Спикерлик креслого болсо, 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабановду саясаттан сүрүү амалы көрүлгөндө, анын жердештери таарынбаш үчүн экинчи таластыкты көтөрүшкөн. Багы бар экен, кайып каскагынан келип калды эй! Тилекке каршы, төрагалыкка деңгээли, саясый билими жетпегени үчүн бүгүнкү парламенттин аброю аңга түшүп кетти да. Өз позициясын билдирүүнү мындай кой, жалтактап эле президенттик аппараттын тапшырмасын күткөнүн кесиптештери эле айтып жүргөнү кандай? Саясый сабаты чала, ортозаар Дастан Жумабеков төрдөн түшпөсө акыбал оорлошот. Күзгө карай Жогорку Кеңешке, «элиталык чимкириктерге» карата элдин кыжырдануусу күчөйт, ансыз да булар жеткизип бүтүштү, кокустан эл көтөрүлүп, депутаттарды Акүйдөн дыргаяктата кубалап салса кантебиз? Ошондой капсалаңдын алдын алуу үчүн төраганы алмаштыруу күн тартибиндеги олуттуу маселеге айланууда.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: