Menu

Тажикстанда украин жаранынын даттануусунан кийин эки чиновник иштен алынды

Бөлүшүү:

Тажикстанда «жүрүм-турум эрежелерин бузгандыгы» үчүн Согди облустук маңзатка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Мирзоравшан Сангинзода менен мекеменин Зерафшан райондук бөлүмүнүн жетекчи орун басары Шариф Камол жумуштан алынды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, чиновниктер украиналык ишкер Виталий Костюктун даттануусунун негизинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында жазаланды.

Украин жараны өз арызында «Тажикстанга бир нече ири инвесторду алып келүү» маселесин талкуулоо үчүн Ташкенттен Душанбеге баратканда чек арачылар тарабынан кармалып, тинтүүгө алынганын жазган.

«Ахбор» сайты кабарлагандай, Костюктун кармалышына Мирзоравшан Сангинзоданын тиешеси бар. Ал дагы бир чиновник менен бирге украин жаранына Тажикстанда колдоочу болуп берүүнү сунуштаган.

Азырынча Мирзоравшан Сангинзода бул боюнча комментарий бере элек. Ал Согди облустук маңзатка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы кызматына эки жыл мурда дайындалган. Ага чейин Маңзатка каршы күрөшүү агенттигинин борбордук аппаратында иштеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: