Menu

Өзбекстанда Сириядан кайтып келген аялга батир берилди

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Сурхандарья облусунда майдын аягында Сириядан кайтып келген үч жергиликтүү тургундун бирөөсүнө эки бөлмөлүү батир берилди. Бул тууралуу 19-июнда облустук акимчиликтен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, акимчиликтин чечими менен Сириядан келген аялга жумушсуздук үчүн жөлөк пул дагы төлөнмөй болду.

«Мындан тышкары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ага заманбап тигүүчү машине, азык-түлүк жана башка белектерди беришти», — деп жазылган мекеменин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Учурда Сириядан келген берки эки жергиликтүү тургунга медициналык, психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүлүүдө.

Быйыл 30-майда өзбек бийлиги атайын аба каттамы менен Жакынкы Чыгыштан 156 жаранын алып келген. Расмий маалыматтарга ылайык, анда 107 кичинекей бала жана 48 аял мекенине жеткирилген. Алардын көбү учурда Ташкент облусундагы «Бостон» санаториясында жашап, медициналык жана психологиялык жардамдарды алып жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: