Menu

Иманалиев: Биз Атамбаевге күнөө койбойбуз, аны «жерге түшүрүп» беребиз

Бөлүшүү:

Атамбаевге күнөөнү депутаттар эмес, укук коргоо органдары гана коё алат жана бул иш канча убакытты талап кылары белгисиз. Бул тууралуу Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча маселени караган атайын убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев 20-июнда парламентте билдирди.

«Азыр «скафандрды» чечиш үчүн эки жума керек экен. Ал эми иликтөө ишин укук коргоо органдары жүргүзөт. Алты айбы, бир жылбы же эки жылбы… Биз болгону “саясий космонавтты” жерге түшүрүп, кадимки 6 миллион 400 миң жаран сыяктуу «шектүү болсо чакырууга негиз бар» деп жатабыз. Биз күнөө койгон жокпуз. Күнөөнү укук коргоо органдары гана коё алат», — деди ал.

​Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жоопко тартыш үчүн аны кол тийбестиктен ажыратуу маселесин бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңеште карала баштады.

Кол тийбестик боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссия демилгечи топтун Атамбаевге койгон тогуз кинесин карап чыгып, алтоо – бийликти узурпациялады, Кой-Таштагы тамынын жери мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон деген айыптар боюнча – Атамбаевден шектенүүгө негиз бар деп чечкен.

Ал эми үчөө – Орусиянын 123 жаранына, анын арасында кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө ок атуучу курал берген, Чүйдө 35,65 гектар айдоо аянтын мыйзамсыз трансформациялаган, Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында 4,61 гектар жерди «Фрунзе Резорт» компаниясына мыйзамсыз өткөрүп берген деген айыптар боюнча комиссия күнөө коюу негизсиз деген бүтүмгө келген. Буга Атамбаев ал кездери президенттик кызматты ээлебегени себеп болгон.

Атамбаев баштаган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) депутаттык комиссиянын жыйынында айтылгандарды «чуулгандуу коррупциялык иштерден коомчулуктун көңүлүн алаксытуу» катары баалап жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: