Жогорку соттун орун басары Каныбек Бокоев жалпы коомчулукка анчейин белгилүү болбосо да, укук коргоо, прокуратура жана сот тармагында аттын кашкасындай эле таанымал. Ал Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында сот, төрага болуп иштегени, натыйжада, эмгектин аркасы менен ийгиликтерди багындырып, бүгүнкү жогорку даражалуу кызматты ээлеп отурат. Арканды алыс ыргыткан, тажрыйбалуу кадр экенин билгендер баамдап жүрүшөт. Жердиги Алайдан. Сот системасындагы саясый маселелерди чечүүдө Каныбек Бокоев менен үлкөндөр акылдаша турганын эшиттик. Иштин көзүн билгени, таасири күчтүү үчүн оозго алына баштады да. «Көзүргө» айланып. Айтмакчы, мурдагы бийликтер учурунда фемиданын аброю кетип, элдин ишениминен чыгып калганын эске салалы, мына ошондой жагымсыз көрүнүштөрдөн эртелеп арылууга кадам ташташ керек. Сот тармагы адилеттүү болсо мамлекеттин пайдубалы бекем болот, президенттин кадыр-баркы жогорулайт. Ушул жагы ойлондура турган маселе…
Тайлак Назымов
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ