Menu

ИИМ: жай мезгилинде балдар коопсуздугу жөнүндө ата-энелерге кеңеш

Бөлүшүү:

Урматтуу ата-энелер, өзгөчө жай мезгилинде сиздин балдарыңыздарга жардам берүү жана көңүл буруу зарыл.

Жайдын келиши менен балдар улуулардын көзөмөлү жок убакыттарды көп өткөрүп, көлмөлөрдө сууга түшүп, шаардын көчөлөрүндө ойношот. Ушуга байланыштуу коркунучтар көбөйүп, кокустуктар болуп жана ар кандай жаракаттарды алышат. Ошондуктан балдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн ата-энелер балдарына ар кандай түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, үйдө жана көчөлөрдө, көлмөлөрдө эс алууда жана балдар лагерлеринде жүрүм-турум коопсуздугунун эрежелерине көңүл бурууга үйрөтүү керек.

Биринчиден, күн сайын балаңызга жолдо жүрүү эрежесин эскертиңиз. Ал үчүн  жолдордон өтүү эрежелерин үйрөткүлө. Жолдо жүрүүдө ар кандай учурларды мисалга келтиргиле.

Сиздин балаңыз түшүнүүсү зарыл:
1) Чоңдорсуз жолду кесип өтүүгө болбойт, чоң кишинин колун кармап,
жулкунбастан тратуардан чыкпастан жүр;
2) Жолдун оң жагы менен көчөдө этияттап баскан туура;
3) Жолду жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тратуарлар менен жана жол чырактын жашыл
белгиси күйгөндө, бардык автоунаалар токтогондон соң гана өтүү керек;
4) Жолдо автоунаалардын жүрүүсү жол чырактар менен башкарылат;
5) Коомдук транспортто жүргөн учурда терезеден башты чыгарууга,
кандайдыр-бир тетиктерге колду тыгууга болот.

Экинчиден, табигат койнуна чыкканда эсиңизде болсун:
1) Жайкы мезгилде экскурсия, сейил жана жүрүштөрдүн убагында балдарды
чөмүлтүү үчүн көлмөнүн тынч, тайыз жана тамырлар же чөптөр жок жээги
таңдалат;
2) Балдарды сууга түшүүчү жайларда чоңдордун көзөмөлү жок калтырууга
болбойт;
3) Сууга түшүп жаткан балага үзгүлтүксүз көзөмөл керек;
4) Балдар сууга түшүп жатканда сууга тосмолордун үстүнөн же жээктен
секирүүгө тыюу салуу зарыл.

Үчүнчүдөн, балага көчөдөгү жана үйдөгү коопсуздук боюнча дайыма эскертип 
туруу керек. Балага күнүнө төмөндөгүлөрдү кайталоо керек:
1) Үйдөн, короодон алыс кетпе;
2) Көчөдө бейтааныш кишилерден эч нерсе алба. Тез арада четке чыгып кет;
3) Караңгы түшкөнчө ойнобо;
4) Бейтааныш өспүрүмдөрдүн тобунан алыстап өт;
5) Эл жүрбөгөн жайлардан, ташталган үйлөрдөн, кароосуз калган
сарайлардан, чатырлардан, жер төлөөлөрдөн алыс жүр;
6) Бейтааныш кишилер менен подьездге, лифтке чогуу кирбе;
7) Бейтааныш адамдын автоунаасына отурба;
8) Тааныбаган адамдардын бардык сунуштарына “ЖОК” деп жооп бер. Алардын
жанынан тез арада эл көп жургөн жакка кет;
9) Көчөдө, транспортто же подьездде кишилерди жардамга чакыруудан
тартынба;
10) Эгерде сени кармап алып же сага күч колдоно турган коркунуч жаралса,
кыйкырып, жулкунуп, качууга аракет жаса.

Урматтуу ата-энелер, сиздин балаңыздын үйдөгү коопсуздугуна да көңүл 
буруңуз:
1) Иштеп турганда электр жабдыктарды кароосуз калтырбагыла;
2) Баланы батирде жалгыз калтырбоо керек;
3) Розеткаларды балдар жете албагандай абалда коюу зарыл;
4) Балдарды газплитага жана ширенкеге жакындатпагыла.

Эсиңизде болсун! Жаш балдар сиздерди-ата-энелерди туурап жасайт. Сиздин
балаңызга болгон таалимиңиз үйдө же көчөдө тартиптүү жүрүүнүн үлгүсү болсун!

Балдарды коркунучтуу кырсыктан алыстатуу үчүн болгон мүмкүнчүлүгүңүздү  аябаңыз!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: