Menu

Путин 17-жолу түз эфирде жарандардын суроолоруна жооп берүүдө

Бөлүшүү:

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн түз эфир аркылуу өлкө жашоочуларынын суроолоруна жооп берип жатат.

Бул анын мамлекет башчы катары 12чи жолку калк менен түз байланышы. Мындан тышкары Путин дагы беш жолу премьер-министр катары жарандардын суроолоруна түз эфирде жооп берген.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, түз эфирге бир күн калганда аларга миллиондон ашык суроо келип түшкөн. Быйыл бул сан эки жарым миллионго жеткен. Кремль кайрылуулардын аздыгын ысык аба ырайы менен түшүндүрдү.

Маалыматка караганда, мамлекет башчыга жолдонгон суроолордун көбү турак жай, коммуналдык чарба, кичи жана орто бизнес, билим берүү, экология көйгөйлөрү жана калкты дары-дармек менен камсыз кылуу темаларына байланыштуу.

Москва облусундагы Фрязино шаарынын тургундары Путинге быйыл ар кайсы тилде кайрылышкан. «Орусча кайрылуудан майнап чыкпайт, муну чиновниктер менен эки жылдык жазышууларыбыз ырастайт», — деп билдиришти шаар активсттери.

Жалпы орусиялык коомдук пикирди изилдөө борборунун сурамжылоосуна ылайык, өлкө калкынын 75 пайызы Путиндин түз эфирин көрө тургандыктарын билдиришкен.

17-июнда аталган изилдөө борбору калктын орусиялык саясатчыларга болгон ишенимин аныктаган ар жылкы сурамжылоосунун жыйынтыгын жарыялаган. Ага ылайык, Владимир Путиндин рейтинги буга чейинки жылдарга караганда төмөндөгөн. Быйылкы сурамжылоонун ар бир төртүнчү катышуучусу президентке ишене турганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: