Menu

Каракол шаарынын 65 пайыз суу түтүгү, Балыкчы шаарынын 45 пайыз суу түтүгү жаӊыртылат

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште Каракол жана Балыкчы шаарларынын саркынды суулардан арылуу тутумун жакшыртууга багытталган “Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу” боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык жана гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.

Таза суу менен камсыз кылуу жана саркынды суулардан арылуу департаментинин башчысынын айтымында, Азия өнүктүрүү банкы бул багытта 41,87 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр. Каражаттын 12,84 млн доллары грант, калганы жеӊилдетилген насыя болуп саналат. Насыя 32 жылга берилүүдө, анын ичинде 8 жыл жеӊилдетилген мөөнөт болуп саналат.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, бул долбоордун алкагында Каракол шаарынын 65 пайыз суу түтүгү, Балыкчы шаарынын 45 пайыз суу түтүгү жаӊыртылат. Долбоордо суу түтүктөрүнүн сапатына өзгөчө көӊүл бурулат. Андан тышкары, кийинчерээк ушундай эле долбоор Нарын шаарында да ишке ашырыла турганы белгилүү болду.

Баяндамачынын айтымында, келишим ратификацияланган кийин долбоор даярдалып, аны ишке ашыруу боюнча тендер жарыяланат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 5 жыл.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: