Menu

“Асанакуновдун былык иштери айланып келип Абылгазиевге такалууда”

Бөлүшүү:

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакуновго козголгон кылмыш, сот иштерине анын жубайы, ЖК депутаты Гүлкан Молдобекова кысым жасап жатканы көптөн бери басма сөз каражаттарында айтылып келген. Бул боюнча маселенин маңызына пикеттин уюштуруучулары токтолду.

Төрөхан Жунусбеков, жарандык активист:

– Мирбек Асанакуновдун иштери учурда Жогорку сотто каралап жатат. Биринчи Май райондук соту, шаардык сот дагы аны «жумуштан кетсин» деп чечип, аныктаган. Ошого карабастан жумуштан кетпей жатат. Негизи шаардык сот чечкенден кийин эле күчүнө кирип кетиш керек эле. Азыр иши Жогорку сотто уланууда. Бирок, өзү сотко басып да келбейт экен. Аялы, ЖКнын КСДП фракциясынан депутаты Гүлкан Молдобкекованын таасири күч болууда.

Биз Горький атындагы паркка боз үй тиккенбиз. «Мирбек Асанакуновдун иштери жана премьер-министр Абылгазиев отставкага кетсин» деген талапты коюп жатабыз. Биздин пикет жаңы башталып жатканда эле милиция кызматкерлери жайнап келип, күчкө салып бизди камап, боз үйдү болсо чечип алып кетишти.

Бирок, биз мындан ары да уланта беребиз. Асанакуновдун былык иштери да айланып барып премьер-министр Абылгазиевге такалып жатат. Шаардык, райондук соттун чечимдери тургандан кийин өкмөт калганын чечип коюшу керек болчу. Алар болсо эч нерсе чече албай, мыйзамсыз иштерди карап коюп отурушат, б.а. мыйзамсыз ишти колдоп отурушат. Он күн болуп калды. Абылгазиевге кайрылуу жасап, аны көмүр маселеси боюнча айыптап, тез арада кетүүсүн талап кылуудабыз. Бул киши кетмейинче ушундай талаптарды коё беребиз. Мисалы, 400 млн. сомдун тегерегинде ТЭЦти реконструкция кылышты. Ошондо «баарын оңдойбуз. Кыргызстандын өз көмүрүн жага тургандай кылабыз» дешкен. Анан кийин «ошондой убада бергендей болду го» десек, Абылгазиев кайра «Казакстандан 400 миң келет» деп отурат. Эгер өкмөт түз алып келсе, көмүрдун тоннасы 36 доллардан болмок экен. Ушундай ортомчу, шылуун «Прогресс», «Рассвет» компаниялары аркылуу 56 доллардан алып келгенге өкмөт макулдугун бергени өкүнүчтүү.

Аманбол Бабакулов, жарандык активист:

– Биз «чимкирик парламентти» жана өкмөт башчы Абылгазиевдин отставкасын талап кылып ачкачылык жарыяламакчыбыз. Боз үй Горький паркына тигилип калган. Убагында уруксат кагазын алалбай калганбыз. Бирок бизге мөөнөт же эскертүү берсе туура кабыл алып, ал нерселерди жасамакпыз. Андай болгон жок. Милиция кызматкерлери келип эле бизге атака башталды. «Силерге ким уруксат берди? Силер кимсиңер?» деп эле күч колдонушуп, боз үйдү бүгүп салып, Биринчи Май райондук сотуна алып кетишти. Ал эми бизге эскертүү берип бошотушту. Учурда балдар кеңешип жатабыз. Ачкачылыкка дагы кимдер кошулат? Сот тармагынан жабыркаган жарандарыбыз абдан көп экен. Ошого байланыштуу запкы жеген адамдар биздин катарыбызга кошулганы турат. Өлкөбүздө акыйкат жок дегендердин баарын арабызга кошуп жатабыз. Азырынча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Мирбек Асанакуновдун сот иштерине токтолсом, аялы Гүлкан Молдобекова ЖК депутаты болуп, комитет башкарып отурат. Ошого, тааныштары күчтүүлүгүнө байланыштуу Жогорку сот дагы чечим чыгара албай, ийиндерине кирип кетишти. Анткени мыйзам профсоюз тарапта болууда. Бир эмес эки соттун чечими турат. Ошону дагы булар тоготпостон өзүм билемдик менен аялынын же болбосо тааныштарынын күчү менен Жогорку сотко басым жасап, алигиче чечим чыгартпай басып жатышат. Жогорку сот карап эле чечип коё турган маселени эми 1-июлга жылдырышты. Менин эң бир күйгөнүм, ичим ачышып жатканы – профсоюздун карамагындагы пансионаттардын жеке менчикке өтүп кетиши болууда. Бул жерде Асанакунов аялы экөө жеке менчикке чыгарып кетүү аракетин көрүшүүдө. Биз буга жол бербешибиз керек. СССР убагынан бери профсоюз карамагындагы пансионаттар, курорттор бар эле, ошолорду да алып кетүүгө депутаттардын кызыкчылыгы турат бул жерде.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: