Menu

Оштун экинчи Эл аралык аэропортун курууга эки мамлекет кызыкдар болууда

Бөлүшүү:

Оштун аэропортун жылдыруу боюнча көп жылдан бери сөз болуп келген. Акыркы убактарда иш активдүү жүрө баштады. Облустук администрациянын маалымат кызматынан кабарлашкандай, аба майданды курууга Түркия жана Кытай мамлекеттери кызыкдар болууда.

18-июнда, Кытайдын “Бир алкак бир жол” ири долбоорунун туруктуу комитетинин төрагасы Ге Чжили, КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев менен жолугуп, аэропортту курууга даяр экендиктерин билдирди. Ал эми ушул жылдын башында Түркия тарап да каржылоо ниетин билдирген болчу. Азырынча кыргыз тарап кимге токтолгону тууралуу маалымат тарата элек.

Жаңы аба майданды куруу үчүн Өкмөттүк жана жергиликтүү деңгээлдеги пландоо, анализдөө иштери аягына чыгып калды. Ошондой эле Өкмөттөн аэропорт салына турган 500 гектар жерди трансформациялоо иши да аягына чыгаары күтүлүүдө.

Мурда маалымдалгандай, аба ырайы бузулганда эле, аэропорттун аймагын туман каптап, учактар токтоп калып, жүргүнчүлөргө бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып келет. Ал эми жаңысы түшөт делген Кара-Суу районунун Мады айылы тарабында андай болбойт, анткени ал жак кайрак болгондуктан, туман көп боло бербейт деп түшүндүрүшөт.

Оштун жаңы аба майданын куруу аракети жүрүп жатканы менен, азыркы майданда дагы деле реконструкция иштери жүрүп келет. Тагыраагы учуп жаткандарды узатууга келгендер үчүн атайын жай курулуп, учуп-конуу тилкелери узартылды жана заманбап болуп жаңыртылды.

Ош аба майданынан борбор калаага жана чет мамлекеттерге күнүнө 15 учак каттамга чыгып турат.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: