Menu

Атамбаевди түрмөгө тыгуу талашы

Бөлүшүү:

Күтүүсүздөн эле коомдук пикирдин дискуссиялык маселесине айланган, бирок, түпкүлүгүндө эч кандай талаш туудурбаган, ал тургай, акыры аягында келип бир эле жерден барып кошула турган жагдай жаралды.

Буга экс-генпрокурор Азимбек Бекназаровдун экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестик макамынан ажыратуу тууралуу түзүлгөн депутаттык комиссия боюнча берген пресс-конференциясы түрткү болду. Бекназаровдун ою боюнча, жогорудагы маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссияга жалаң гана мурда соттолгон, мурунку бийликтен ар кандай ыдыктарды көргөн адамдар кирип калышкандыктан, алардын калыс болушу күмөндүү болгондуктан улам, адилет чечим чыгарышы азыртан эле шек жаратууда. Кызыгы, ушундай эле “призма” аркылуу айтылган СДПК партиясынын соңку шайланган төрайымы-экс-депутат Асель Кодуранованын пикири боюнча да, “булардын баарынын экс-президентке карата жеке таарынычтары бар” болуп калган. Бир караганда бул экөөнүн айткан-дегенинде да кандайдыр бир жүйөө бардай туюлат.

Депутат Каныбек Иманалиев —аталган комиссиянын башчысынан баштап, (Атамбаевди колтийбестик макамынан ажыратуу идеясынын алгачкы демилгечиси жана да “Эркин-Тоо” басма комплекси боюнча козголгон кылмыш иши боюнча ачылган мыйзам “сыйыртмагы” моюнунда алиге чейин илинүү жүргөн адам!) калган мүчөлөрүнүн баары тең атайылап тандалып алышкандай таасир калтырууда…

Ал эми комиссиянын отурумунда чыгып сүйлөшкөндөр – Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Талант Мамытов, Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков, Тойгонбай Калматов сыяктуу жана башка саясатчылар жана экс – “зектер” өзүнчө эле узун бир тизмеге айлана турган…

Чынында эле бул тизмеге үстүртөн эле көз жүгүрткөн адам да дароо байкаган бир нерсе – “соо”, “таза” адамдын жоктугунда болуп жатпайбы! Жалаң гана мурда кандайдыр бир кылмыш жазасына тартылышып, ар кандай мөөнөттөрдө түрмөлөрдө олтуруп чыгышкандардан куралган тизмедей болуп калган! Эми булар аз келгенсип, азыр түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан “зек” – Өмүрбек Текебаев да улуттук ооруканадан жатып “Азаттыкка” интервью берип, экс-президентти камоого ашыкпоо керектигин эскертти. Анын экс-президенттин мүмкүн болушунча катуу жоболор боюнча жана да жылчыксыз далилдер аркылуу узак мөөнөттүү жазага тартылышын каалап жаткандыгы түшүнүктүү.

Экс-депутат Жылдыз Жолдошева Алмазбек Атамбаевдин тээ 2010-жылдагы өзбек сепаратисттери менен болгон байланыштары жана аларга берилген убадаларынан бери иликтөө зарыл экендигине токтолду. Демек, “Атамбаевдин алты жылдык башкаруусу” менен эле чектелип калбай, “элдик апрель революциясынан” бери казууга кызыкдар болушкан күчтөр да бар!..

Кыскасы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегинде жүрүп жаткан кызуу талаш-тартыштар элди эки тарапка ачык бөлгөн сымал бөгөткө айланды. Ансыз деле, мурдатан эле экс-атамбаевчилер жана да кийинки бийликтегилер – “эски дос”, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков тараптагылар болуп, өз ара тирешип турган күчтөрдү биротоло жиктеп салгандай сезилгени менен, бул аталган депутаттык комиссиянын аткара турган иштериндеги оң жактарды да айтпай коюуга болбойт.

Маселен, эзелтен кыргыз коомчулугунда калыптанып келгендей, башка бирөөнүн мыйзамсыз кадамдарын көрүп-билип турушса да, былыктарынын баарын жакшы билишсе да, “муну айтып, ага жаман көрүнүп эмне кыламын?” – деген сыяктуу четте калуу психологиясы азыркы заманга чейин эле катуу басымдуулук кылып келет. Бул жагынан алып караганда, аталган комиссияда кандайдыр бир деңгээлде таарынычтары, экс-президентке карата жекече мүнөздөгү ич күптүлөрү барларга дагы өз пикирлерин ачык айтып чыгуу мүмкүнчүлүгү берилип жаткандыгы – колдоого гана арзый турган көрүнүш. Ал эми алардын өздөрүндө кандайдыр бир мыйзамдык терс көрүнүштөр, укук бузуулар болсо – алардын оппоненттери ачыкка чыгаруусуна шарт түзүү зарыл…

Бул ракурстан алып караганда, экс-президент Атамбаевдин өз тарапташтарын “эч күнөөсүз адамдарды соттогону олтургузуп коюшту” дегени эч акылга сыйбайт. Эгерде чын эле күнөөсү жок болсо, – сот залынан акталып чыгышат да?! Цивилизациялуу, мыйзамды сыйлаган өлкөлөрдө дал ушундай. Мисалы, Россия Федерациясынын финансы министринин орун басары Сергей Сторчак узак мөөнөттүү тергөөгө кабылып, темир тор артында олтуруп, акыры аягында акталып чыкканы маалым. Азыр мурдагы эле кызматында иштөөнү улантууда. Демек, иши таза, баскан-турганында илинчек жок адамды жөн гана жамандоо, артынан сөз кылуу аркылуу биротоло булгап салууга эч качан мүмкүн эмес! Акыры баары бир эртеби-кечпи – акыйкаттык орнобой койбойт. Арийне, кыргыз коомчулугу алиге чейин ушул эң жөнөкөй чындыкка умтулуунун ордуна, ага жеткире турган майда деталдардын айланасында гана талашып жатышканы өкүндүрөт.

Азамат Салиев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: