Menu

Өзбекстандын кызматтан алынган башкы прокурору сурак берүүдө

Бөлүшүү:

20-июнда Өзбекстандын башкы прокурору кызматынан алынган Отабек Муродовдун отставкасы ага дагы бир экс-башкы прокурор Ихтиёр Абдуллаевге каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында айып тагылгандыгына байланыштуу. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматы өз булактарына таянып билдирди.

«Чынында Отабек Муродов кызматтан 17-июнда эле алынган. Расмий түрдө буйрукка үч күндөн кийин кол коюлду. Азыр ал мурдагы башкы прокурор жана Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) экс-башчысы Ихтиёр Абдуллаевге каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында суралууда », — деп билдирди басылманын булагы.

Азырынча расмий Ташкент башкы прокурорду алмаштыруунун себептерин айта элек. Өлкөнүн башкы көзөмөл органын бир жылдан ашык башкарган Муродовдун ордуна 57 жаштагы Сенаттын спикери Нигматулла Юлдашев дайындалган.

Быйыл февралда Улуттук коопсуздук кызматынын 53 жаштагы башчысы Ихтиёр Абдуллаев камакка алынган. Андан төрт ай өткөндөн кийин өлкөнүн Башкы прокуратурасы Ихтиёр Абдуллаев баш болгон мекеменин онго жакын кызмат адамына каршы «кызмат абалын кыянат пайдалануу» жана «пара алуу» беренелери менен кылмыш иши козголгонун билдирген.

Бири-бирине көз карандысыз бир нече булактын маалыматына караганда, Отабек Муродов 19-июнда сурак берүү үчүн УККнын тергөө абагына жеткирилген. Азырынча анын шектүү же күбө катары суралып жатканы белгисиз.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: