Menu

Ааламга үнү жеткен “Азаттыктын” деңгээли ушунчалык төмөн түштү беле?

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 17-июнунда “Азаттыктын” кабарчысы Али Токтакунов менен Өмүрбек Текебаевдин интервьюсу интернет сайтына жарыяланды. Анда Аи Токтакунов 1 айдан бери башы айланып, адашып жооп таба албай жүргөн дежур суроосун Өмүрбек Чиркешовичке да мындай деп кайталап берип, Текебаевден так жооп алды:

Али Токтакуновдон суроо:

– Өмүрбек Чиркешович, өзүңүз көрсөңүз керек, “Азаттык” жакында бир иликтөө чыгарды. “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” деген. Бул жерде 2011-жылдан, 2017-жылга чейинки аралыкта Кыргызстандан күмөндуү жолдор менен 700 миллион доллар чыгарылып кеткени иликтенген да. Мындай маселелер да ошол жогорку бийликтин эң башында турган адамдын кандайдыр бир көзөмөлүсүз ишке ашышы мүмкүнбү? Ал киши билбей калышы мүмкүнбү?

Өмүрбек Текебаевден жооп:

– Кыргызстан 1990-өзгөчө 2000-жылдардан баштап өзгөчө режимди, ошонун ичинде валюта ишинде өзгөчө режимди тандап алганбыз. Мисалы, Израилдей. Израилге мешоктоп акча уурдап алып келип атсаң, каяктан алып келип атасың деп сурабайт. Ташып эле ошонун ичине кирип кетсең болду. Биз ушул системага өткөнбүз. Ошон үчүн Кыргызстанга мешоктоп, буквально мешоктоп Тажикстандан, Өзбекстандан (аларда валюталык режим өтө күчтүү болгон да) Кыргызстанга келп, иш боюнча бүт дүйнөгө тарап турган. Анан, азыркы Банк финансылык системасы өзүнүн ишенимдүүлүгүн жоготуп атат. Америкага жакпай калсаң, Каддафинин, Саддам Хусейиндин, Мадуронун же Африкадагы диктаторлордун, же орустун компанияларынын акчаларын тоңдуруп, бербей коюп атат. Керек болсо орустарды дүйнөлүк Банк системасынан кесип коёбуз, деп коркутканга чейин барып атат. Көп өлкөлөргө ушундай санкциялар, Иранга жана башка өлкөлөргө ушундай санкциялар жарыяланды.

Мына ушул кезде альтернативалык, финансылык валюталык система түзүлдү. Бул байыркы орто кылымдагы система. Алтын нак акча, миллиарддаган долларлар ары-бери ташылып атат да, тонналаган алтын ары-бери ташылып атат. Акыркы жылдарда Кыргызстан ошондой ключевой деп коелу, мурда жибек жолунун боюнда кербен сарайлар болгон да, Бакиевдин учурунда да болгон, Атамбаевдин тушунда Кыргызстан ошондой ключевой пунктка айланды. Мага бирөөлөр айтты эле, Кум-Төр, Кум-Төр, деп кыйкырасыңар, Кыргызстандын Жалал-Абад облусунан эле Кум-Төрдөн чыккан алтындан кем эмес алтын чыгат, ошол Кыргызстандан сыртка ташылып, Кыргызстанга пайдасы тийбей жатат – деп айткан. Бирок, алтынды Кыргызстандан алып чыгып, башка өлкөлөргө алып кириш деле кыйын. Эми анын өзүнүн жолдору бар. Бирок, мен Дача-СУдагы авария болгон самолет Кыргызстандан чыккан алтынды, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандан Кыргызстан аркылуу жыйналган тонналаган алтынды Стамбулга ташып кетип жаткан, деп шек санагам. Анткени Стамбул алтернативалык Банк валюталык системасынын борбору болуп калды. Жакынкы чыгыш деп мен айтып жатпаймбы. Миллиарддаган акча, алтын түрүндө, акча түрүндө туруп ошол дүйнөнун (мамлекеттин. Ред.) соодасын жүргүзүп калды. Кыргызстандан чыккан тонналаган алтынды ошол самолет, жүк ташыган Боинг Турцияга ташып, Турциядан нак акчаны Гонгконгго ташып аткан болуш керек деген менде шек бар…

Али Токтакуновдун бир айдан бери жооп таба албай чатышып калган суроосуна Өмүрбек Чиркешович: “Ошон үчүн Кыргызстанга мешоктоп, буквально мешоктоп Тажикстандан, Өзбекстандан (аларда валюталык режим өтө күчтүү болгон да) Кыргызстанга келип, иш боюнча бүт дүйнөгө тарап турган…” – деп так, даана жооп берди. Алинин 700 миллион доллары кандай жол менен Кыргызстандан сыртка чыгарылып кеткенин эми түшүнгөн чыгарсыз урматтуу окурман.

“…Оболоп каккан канатын

Окусаң терме, санатын

Бир туруп бийик эргисең,

Бир туруп отко жанасың.

Анчалык мээң жок болсо

Акылдуу боло каласың…” – деп Байдыкем Барпы акынга баа бергендей, Өмүрбек Чиркешовичтин ушул интервьюсун кайра бир окуп чыксаң Али мырза “анчалык мээң жок болсо, акылдуу боло каласың!”

Бизге бир түшүнүксүз жагдай, “Азаттыктын” кабарчысы Али Токтакуновдун Райим Матраимов аркылуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду каралоого багытталган төмөнкү буйуртма суроосу болду. Назар салып дагы бир окуп көрүңүз азиз окурман: “Өмүрбек Чиркешович, өзүңүз көрсөңүз керек, “Азаттык” жакында бир иликтөө чыгарды. “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” деген. Бул жерде 2011-жылдан 2017-жылга чейинки аралыкта Кыргызстандан күмөндүү жолдор менен 700 миллион доллар чыгарылып кеткени иликтенген да. Мындай маселелер да ошол жогорку бийликтин эң башында турган адамдын кандайдыр бир көзөмөлүсүз ишке ашышы мүмкүнбү? Ал киши билбей калышы мүмкүнбү?”

Бул суроо менен Али Токтакунов карапайым элдин башын айландырып, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду элге жек көрсөткүсү келгенин байкоого болот. Калп айтып жатып, аягында өз калпына өзү ишенип калган апендинин кейпиндеги мындай бир беткей далилсиз каралоолору менен Али Токтакунов “Азаттыктын” абийирин кетирип бүтмөй болду. Ааламга үнү жеткен “Азаттыктын” деңгээли ушунчалык төмөн түштү беле? – деп бул кара пиарды түшүнгөндөр ийин куушуруп ирээнжий баштады. Башканы кой, Бишкектин Москва-Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги жеке менчик акча алмаштыруучу пункттарына барып маалымат алып көрсөңүз, бир күндө бир акча алмаштыруучу пункт чет мамлекеттерге элден чогулган канча миңдеген доллар жөнөтүп, канча миңдеген доллар акчаны алып турганын сизге айтып берет. Жаралоонун да чеги болот го. “Азаттыктын” мынчалык сабатсыз деңгээлге түшүп Ажону каралаганга жасаган аракети уят иш болуп турат…

Советбек Баймат уулу

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: