Menu

Германияда кармалган баңгизат боюнча текшерүү иштери башталды

Бөлүшүү:

Германияда Кыргызстандан бараткан автоунаадан жарым тоннадан ашык баңгизат кармалышына байланыштуу «Элит Шоко» кондитердик фирмасынын ээси Аида Жолдошева Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова билдирди.

19-июнда немис басылмалар герман-поляк чек арасында жүк ташуучу автоунаадан 670 килограмм героин кармалганын жазышкан. Баңгизаттар Кыргызстанда өндүрүлгөн шириндиктердин ичине катылып, ташылып баратканы такталган.

Интернетке жарыяланган маалыматтарга ылайык, анда алынган документтерде өндүрүүчү катары Кыргызстандагы «Элит Шоко» жоопкерчилиги чектелген коому көрсөтүлгөн. Жүк Белгияга жөнөтүлгөнү кабарланган. Автоунаанын айдоочусу Түркиянын жараны экени, көптөн бери Кыргызстанда иштеп, Бишкекте жашай турганы айтылды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: