Menu

Грузин оппозициясы нааразылык акциясын улантат

Бөлүшүү:

Грузин оппозициясы парламент имаратынын алдында жаңы нааразылык акциясын өткөрүүгө ниеттенип жатат.

21-июнга оогон түнү полиция өкмөткө жана Орусияга каршы ураандарды кыйкырып чыккан демонстранттарды желим октор менен көздөн жаш агызчу газ колдонуп тараткан. Анда 60 адам жаракат алганы кабарланган.

Оппозиция лидерлери парламент төрагасы Ираклий Кобахидзе менен ички иштер министри Георгий Гахариянын тез арада кызматтан кетишин жана кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүү тууралуу демилгенин парламентте талкууланышын талап кылып жатышат.

Бейшемби күнү кечинде он миңге жакын адам парламент имаратынын алдына митингге чогулган. Алардын акцияга чыгышына Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Сергей Гавриловдун Православия боюнча парламенттер аралык Ассамблеянын Тблисиде өткөн жыйынына катышкандыгы себеп болгон.

Гавриловдун ассамблея жыйынын грузин парламентинин имаратында өткөргөнү оппозициянын нааразылыгын жараткан. Депутат Тблисиге келерден бир нече күн мурда Орусия тараптан Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгынын таанылышын кубаттап сүйлөгөн.

Нааразылык акцияларына байланыштуу Орусияга эвакуацияланган Гаврилов «Коммерсантъ» гезитине нитервью берип, грузин депутаттары аны физикалык зомбулук менен коркутуп, кол көтөрүшкөнүн билдирди.

Парламент имаратынын алдындагы акция таратылгандан кийин чогулгандар бийликтеги «Грузин кыялы — Демократиялык Грузия» партиясынын кеңсесин талкалап, саясий уюмдун желектерин өрттөшкөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: