Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, бүгүн-эртең Нарындын Жумгал районундагы Көк-Ой, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш, Ноокат районундагы Насирдин Исанов, Таластын Кара-Буура районундагы Шекер, Бакыян, Бейшекен, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөттөрүнүн башчыларын жергиликтүү кеңештер шайлашат.
Бул айылдарда кайра шайланган жергиликтүү кеңештердин 127 депутаты быйыл 30-31-майда биринчи сессияга чогулушкан.
«Жергиликтүү башкаруу жөнүндө» мыйзамга ылайык, айыл өкмөт жетекчилерин шайлоо биринчи сессиядан кийин он күндөн кем эмес убакытта өтүшү керек.
БШК мыйзамга таянып шайлоону 20-21-июнга белгилеген.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ