Menu

Казакстанда Сириядан кайтып келген өспүрүм сегиз жылга соттолду

Бөлүшүү:

Казакстандын Орол шаарында Сириядан кайтып келген 19 жаштагы жергиликтүү тургун Абай Хамзулинов сегиз жылга соттолду. Ал «террордук топтун ишмердүүлүгүнө катышууга» күнөөлүү деп табылды.

Казак басылмаларынын маалыматына караганда, Хамзулинов быйыл январда Сирияда туткундан бошотулган. Мекенине кайтып келген соң ал камакка алынып, кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Хамзулинов Сирияда жүргөндө «Ислам мамлекети» террордук тобунун операцияларына катышкан. Бирок туугандары мындай дооматтарды четке кагып, аны өспүрүм кезинде Сирияга атасы алып кеткенин, Абай өз ыктыяры менен мекенине кайтып келгенин айтышууда.

«2017-жылы ал Сириядагы аскердик даярдык лагеринен качып, күрттөрдүн колуна туткунга түшүп калган. Туткунда жатканда куткаруу өтүнүчү менен казак өкмөтүнө жана Кызыл чырым уюмуна кат жазган. Ал Казакстандагы туугандарына кайтып келүүнү каалаган. Анда Европага же Америкага кетип калуу мүмкүндүгү болгонуна карабастан, мекенине келген. Ал кезде камалып калам деп ойлобосо керек», — деди Абайдын эжеси Сауле Курьян.

Туугандары Хамзулиновго карата чыккан бул өкүм боюнча жогорку баскычтагы сотко даттана тургандыктарын билдиришти.

Учурда Хамзулиновдун атасы Казакстанда камакта жатат. Ага да террорчулук жана экстремизм боюнча айыптар тагылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: