Menu

2019-жылдын 5 айында ИДПнын өсүшү 184 миллиард сомду түздү

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 20-июнда, Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановду кабыл алды.

Акылбек Султанов 2019-жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалы тууралуу маалымат берди.

Статкомитеттин маалыматтарына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 5 айында ИДПнын өсүшү 184 миллиард сомду түзүп, 5,6 пайызга жогорулады. ИДПнын өсүшү өнөр жай өндүрүшү, айылчарба, курулуш жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмдөрүнүн өсүшүнүн эсебинен жогорулаган. Ошондой эле негизги капиталга инвестициялардын 4,9 пайызга өсүшү белгиленди.

«Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын» алкагында Улуттук статистика комитети башка органдар менен биргеликте жаңылып калуу коркунучтарын төмөндөтүү, маалыматты жыйноо жана иштетүүнүн ыкчамдыгын жогорулатуу жана ошондой эле респонденттердин жумушун азайтууга жол берген отчеттуулукту жыйноо жана маалыматтарды жайылтуунун электрондук форматына өтүшү керек.

Буга байланыштуу «Электрон-ук өз ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасы жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте отчеттуулукту берүү боюнча ишкерликке жүктү азайтуу максатында отчеттуулуктун санын жана түзүлүшүн оптимизациялоо үчүн «Түндүк» системасынын алкагында тиешелүү маалымат алмашууну камсыздоо тапшырылды.

Мамлекет башчысы Улуттук статистика комитети региондор боюнча статистикалык маалыматтардын, алардын социалдык-экономикалык абалы тууралуу маалыматтардын толуктугун жана актуалдуулугун камсыздоо өлкөнүн бардык жашоо тармактарында, өзгөчө тышкы соода жүргүзүү боюнча статистикалык айырмачылыктардын көлөмүн кыскартуу зарылдыгына көңүл бурду.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: