Menu

Монголия президенти Баттулга кыргызстандык дзюдочулар менен чогуу машыкмакчы

Бөлүшүү:

Монголиянын  Халтмаагийн Баттулга кыргызстандык дзюдочуларды Токиодо өтө турчу Олимпиада-2020 оюндарына чогуу даярданууга чакырды. Бул туурасында КРдин Улуттук дзюдо (УДФ) федерациясынан кабарлашты.

13-июнда Бишкекте Баттулга менен УДФ президенти Жолдошбек Көлбаев жолугушуп, Кыргызстан менен Монголиянын Дзюдо федерацияларынын ортосундагы кызматташтык тууралуу сүйлөшүшкөн.

«Монголиянын президенти өз өлкөсүнүн Дзюдо федерациясын жетектейт. Ал Кыргызстандын улуттук курама командасын расмий түрдө Токидо өтө турчу Олимпиада-2020 оюндарына чогуу даярданууга чакырды», — дешти федерациядан.

Эске сала кетсек, 12-13-июнда Баттулга расмий сапар менен Кыргызстанга келип, 14-июнда ШКУ саммитине қатышкан.

Баттулга убагында дзюдо жана самбо боюнча өлкөсүнүн улуттук курама командасына алынып, самбодон дүйнө чемпиону жана эки ирет күмүш байгеге ээ болгону маалым.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: