Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат өзгөчө мамилени жана өз милдеттерин кесипкөйлүк менен аткарууну талап кылат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен  куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун  тексти:

«Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнү менен куттуктайм!

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат — бул өзгөчө мамилени жана өз милдеттерин кесипкөйлүк менен аткарууну талап кылган чөйрө.

Бул кызматтарда дили таза, мекенчил, чынчыл, өз ишин мыкты билген, мыйзамдарды сыйлаган жана аларды так аткарган, адамдардын көйгөйүн жүрөгү менен терең сезе билген жана аларга жардам берүүгө даяр, жупуну жашоону сүйгөн инсандар иштеши керек.

Ар бириңиздерге элибиздин жана өлкөбүздүн тагдыры үчүн тарыхый чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн унутпаңыздар.

Биз заманбап, коррупциядан арылган коомду куруп, глобалдуу санарип экономикасында өз ордубузду табышыбыз керек.

Биргелешкен аракеттер менен биз өлкөбүздү региондогу алдыӊкы орунга алып чыгуу максатыбызга жетебиз деп ишенем.

Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бак-таалай, ишиңиздерде албан ийгиликтерди каалайм.

Жараткан Өзү колдоп, сүйүктүү Кыргызстаныбызда ар дайым биримдик жана тынчтык болсун, өлкөбүз гүлдөп-өнүксүн!»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: