Menu

Фото – Канат Аманкулов: Токиодо Бээжинде өткөн Олимпиада ийгилигинен ашып түшүшүбүз керек

Бөлүшүү:

20-июнда Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюна мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов Ысык-Көл облусуна болгон иш-сапарынын алкагында Кыргызстандын төрт курама командасы катышып жаткан окуу-машыгуу чогултмаларынын шарттары менен таанышты.

Ал Чолпон-Ата шаарындагы «Ореон» конок үйүндө бул күндөрү Дүйнө чемпионаттарына даярдык көрүп, машыгып жаткан джиу-джитсу жана дзюдо боюнча улуттук курама командаларынын мүчөлөрү менен жолукту. Дзюдо боюнча курама команданын ага машыктыруучусу Сергей Мистрюков  окуу-машыгуу чогултмаларын өткөрүү шарттары тууралуу айтып берди:«Тамак-аш убагында, жакшы даярдалып жатат, спорттук залдар керектүү шаймандар менен жабдылган,  50 метрлик заманбап бассейн бар. Спортчулар бардык күч аракети менен август айында Жапониянын Токио шаарында өтө турган дүйнө чемпионатына жана башка мелдештерге даярданып жатышат.  Жакшы көрсөткүчтөргө гана умтулууга аракет кылышат».

Ошондой эле, Канат Аманкулов «Аврора» санаторийинде (Комсомол айылы) грек-рим күрөшү жана эркин күрөш боюнча улуттук курама командалардын мүчөлөрү менен да жолукту. Ал спортчулардын сентябрь айында Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өтө турган лицензиялык Дүйнө чемпионаттарына даярдануу программасы менен таанышып, алардан даярдык көрүүдөгү кыйынчылыктар, окуу-машыгуу чогултмаларынын шарттарына болгон каалоолору тууралуу билди. «Биз силердин лицензиялык чемпионатка ийгиликтүү даярдыгыңар үчүн колдон келген бардык шарттарды түзүп берип жатабыз. Силердин бир гана дене бой жактан даярдыгыңар гана эмес, ар бириңердин жана бүтүндөй команданын моралдык-психологиялык абалы да өтө манилүү. Оюңарда бир гана жакшылыктар, жетишкендиктер болсун! Силерге үмүтүбүз чоң –  2020-жылы Токиодогу олимпиада оюндарында 2008-жылкы Бээжиндеги  ийгилигинен ашып түшүшүбүз керек», – деп балбандарды шыктандырды Канат Аманкулов.

Эскерте кетсек, КРнын дзюдо боюнча улуттук курама командасы 15-июндан тартып Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) окуу-машыгуу чогултма өтүп жатат. 18 спортчу ага машыктыруучу Сергей Мистрюков жана башкы машыктыруучу Абдужалил Юнусовдун жетекчилиги астында машыгууда. Машыгуулар 3-июлга чейин уланат. Окуу-машыгуу чогултмага Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын бюджетинен 623 миң сом каражат каралган.

Грек-рим күрөшү боюнча КРнын улуттук курама командасынын окуу-машыгуу чогултмасы 15-июнда башталып 29-июнда аяктайт. 30 спортчу башкы машыктыруучу Азат Эркинбаевдин жана эки ага машыктыруучунун жетекчилиги астында Ысык-Көл облусунун Комсомол айылында машыгып жатышат. Окуу-машыгуу чогултма өткөрүү үчүн Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын бюджетинен 851 миң сом чыгымдалат.

Эркин күрөш боюнча КРнын улуттук курама командасынын мүчөлөрү да Комсомол айылында 15-июндан тартып окуу-машыгуу чогултмага катышып жатышат. Окуу-машыгуу чогултмага 23 спортчу, 2 ага машыктыруучу жана башкы машыктыруучу Руслан Маджинов 30-июнга чейин жиберилген. Чыгымдарга ылайык окуу-машыгуу чогултма өткөрүү үчүн Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын бюджетинен 662 миң сом каралган.

КРнын джиу-джитсу боюнча улуттук курама командасынын окуу-машыгуу чогултмасы Чолпон-Ата шаарында 18-июнда башталып, 1-июлда аяктайт. Жалпысынан 16 спортчу башкы машыктыруучу Муртазали Муртазалиевдин жетекчилиги алдында машыгып жатышат. Чогултма өткөрүү үчүн Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын бюджетинен 405 миң сом бөлүнгөн.

Эскерте кетсек, Кыргызстан эгемен өлкө катары 1996-жылдан бери жайкы олимпиадалык оюндарга катышып келатканы менен 2000-жылы Сидней олимпиадасында дзюдочу Айдың Смагулов алгачкы коло медалды утуп, байге эсебин ачкан. 2008-жылы Бээжин шаарында өткөн жайкы олимпиадалык оюндарда грек-рим күрөшүнөн Канат Бегалиев- күмүш, Руслан Түмөнбаев- коло, эркин күрөш боюнча Базар Базаргуриев-коло байгелүү болушкан. 2004-жылы Афина, 2012-жылы Лондон, 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарларында өткөн жайкы олимпиадалык оюндарда кыргызстандык спортчулар ийгилик жарата албай, куру кол келишкен.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: