Menu

ИИМ депутат Ирина Карамушкинанын айткандарын калпка чыгарды

Бөлүшүү:

20-июнда КР Жогорку Кеңешинин отурумунда депутат Ирина Карамушкина “ШКУнун саммити учурунда Оштон Бишкекке алып келинген СОБР кызматы эмнеге бул жерде кетпей турат, ППСке эки миңдей кызматкерлерди алганы жатыпсыңар, спортсмендерден группаларды түзүлүп жатыптыр, Кытайдан митингге чыккан элге каршы пайдалана турган каражаттарды алып келипсиңер, мунун баарын эмне, Атамбаевди камоо үчүн даярдап жатасыңарбы?” деп айкырып чыккан. Бул Атамбаев менен Карамушкинанын атайын жасап жаткан чагымы экени, кылган кылмыштарына жооп берүү жакындап келатканын түшүнгөндө жандалбастап, элди экиге бөлүү үчүн ушундай калп маалымат таратып жаткандыгы түшүнүктүү болгон.

Бирок, атамбаевчилер өздөрүнө тиешелүү маалымат ресурстарында бул чагымды ырбатууга аракет кылып жатышат. Буга байланыштуу КР ИИМинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов социалдык тармактар аркылуу билдирүү таратып, Атамбаев-Карамушкинанын чагымындагы эң негизги ушак – Оштон Бишкекке СОБР алып келингендиги тууралу маалыматтын калп экенин ашкереледи:

“ШКУ саммитин өткөрүү учурунда коомдук тартипти сактоодо ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлери, Бишкек жана Чүй областынын ички иштер органдарынын кызматкерлери, ИИМдин жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы Башкармалыгынын кызматкерлери күнү-түнү коомдук тартипти сактоо боюнча тиешелүү иш чараларды көрүштү.

Албетте ИИМдин СОБР кызматы өзүнө тиешелүү кызматтык милдеттерин аткарышты. Бирок, Оштон ИИМдин СОБРы келген жок, анткени ИИМдин СОБРы Бишкекте эле ички иштер министрлигинин карамагында кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коопсуздукту сактоодо аларга тиешелүү болгон кызматтык милдеттерин аткарып келишүүдө.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ИИМдин криминалдык милиция кызматы да тиешелүү ыкчам иш чараларды үзүлтүксүз жүргүзүп келет. Бул багытта акыркы күндөрү ар кандай талкуулар болууда, ошол себептүү бул маалыматты Сиздер эске алат деген ишеничтемин…”, – деп жазды Бакыт Сеитов.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: