Menu

Бишкекте сот бийлигинин көз карандысыздыгы талкууланды

Бөлүшүү:

21-июнда Бишкекте Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүнүн 2-фазасы” программасынын көмөктөшүүсү менен Кыргыз Республикасындагы  Европа Биримдиги делегациясынын  өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган   “Сот бийлигинин көз карандысыздыгы: улуттук аспектилер жана  эл аралык стандарттар” темасындагы семинар болуп өттү.

Эки күндүк семинардын ишине  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева жана Европа биримдигинин Кыргыз Республикасындагы  Өкүлчүлүгүнүн Башчысы,  элчи Эдуард Ауэр катышууда.  Семинарга ошондой эле  Жогорку соттун төрайымынын орун басары Нургуль Асанова жана судьясы Чинара Садырова, Жогорку Кеңештин, Конституциялык палатанын, Судьяларды тандоо боюнча кеңештин, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов,  бейөкмөт уюмдардын, коомдук жана  эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Иш чаранын  жүрүшүндө  судьяларды  тандоо жана дайындоо,  соттук корпусту түзүүдө  Жогорку Кеңештин  ролу жана жоопкерчилиги, Кыргыз Республикасынын  судьяларды тандоо боюнча  кеңешинин ишмердүүлүгүндөгү көз карандысыздык принциптерин ишке ашыруу маселелери талкууланды. Мындан тышкары сот системасын санариптештирүү, судьяларды окутуу, судьялардын дисциплинардык жоопкерчилиги жана башка маселелер дагы каралат.

Семинар 22-июнда дагы улантылып, анын жыйынтыгында  Кыргызстандагы  сот тутумунун  көз карандысыздыгы  жөнүндөгү маселелер боюнча жарандык коомдун  сунуш-пикирлери иштелип чыгат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: