19-июнь күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту Алмаз Атамбаевдин жана анын жакындарынын Пакистандын улуттук банкынын Бишкектеги филиалындагы, «БТА банкы», «Демир Кыргыз Интернешнл банкы», «Бай Түшүм» банкы, «Азия банкы», «Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы», «Толубай банкы», «Айыл банкы», «Капитал банкы», «Бакай банкы», «Дос-Кредобанкы», «Кыргызстан банкы», «Евразиялык аманат банкы» «РСК банкы», «ФинансКредитБанкы», «Халык Банкы” “Кыргызстан банкы», «ЭкоИсламикБанкы», «Оптима банкы», «Аман банкы», «Росинбанкы», «Кыргызкоммерц банкы», «Кыргыз-Швейцария банкы», «Финка банкы”, «Чанг Ан Банкы» жана «Компаньон банкындагы” депозиттик жана башка эсептериндеги, акча жүгүртүү документтерин, кутучаларынын ичиндеги каражаттарынын 2009-жылдын тартып бүгүнкү күнгө чейинки бардык эсеп-чотторун камакка алууга тергөөгө уруксат берген чечим кабыл алды.
Соттун чечимине тиркелген Алмаз Атамбаевге афирирленген 21 жакындарынын тизмеси:
Атамбаев Алмазбек Шаршенович,
Атамбаева Раиса Мирахмедовна,
Атамбаев Кадырбек Алмазбекович,
Атамбаева (Шагиева) Алия Алмазбековна,
Атамбаев Сеидбек Алмазбекович,
Атамбаев Сейтбек Алмазбекович,
Атамбаева Диана Алмазбековна,
Атамбаева Динара Алмазбековна,
Шаршенов Нурбек Валибекович,
Шагиева Луиза Фаритовна,
Шагиева Альбина Рамильевна,
Байбурин Артур Вилорович,
Байбурина Лилия Тавфиковна,
Рахмаджанова Жибек Манасовна,
Сатыбалдиевой Аэлиты Жумабековны,
Бектимиров Раис Эрикович,
Шагиев Рамиль Минахмедович,
Абдуллаев Кайрат Турдаджиевич
Пархати Субихи Вуфуерович,
Темирбеков Азиз Пайзуллаевич,
Ахмет Кая
Мусакеев Дамир Сагындыкович
Бул токтому менен Биринчи май райондук соту КР аскердик прокуратура бөлүмүнүн прокурору – тергөө тобунун тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канаатандырган.
Сот А. Боронбаев тергөөчүнүн өтүнүчүн карап, прокурорду угуп, тергөө тобунун тергөөчүсүн тыңдап, анын өтүнүчү негиздүү жана канааттандырууга болот деп тапкан. Анткени КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүкчөсүнө ылайык, зарыл учурда ишке керек документтерди жана буюмдарды алар кайда жана кимде экени так белгилүү болсо, конфискация кылуу максатында алууга болот.
Биринчи май райондук сотунун бул 19-июндагы чечимине 5 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна аппеляция катары арыз менен кайрылуу укугу бар.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ