Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримова гумандуу болуу суранычы менен Шавкат Мирзиёевге кайрылды. Ал өзүн начар сезип жатканын айтып, чет өлкөлүк банктарда сакталган 686 млн долларынан баш тартарын билдирген.
Каримованын кайрылуусун анын кызы Иман Каримова “Инстаграмдагы” баракчасына жарыялады.
Түрмөдө жазасын өтөп жаткан Каримова Өзбекстандагы 1,2 млрд долларга тете активи мамлекеттин карамагына өткөнүн кошумчалаган.
Кайрылууда чет өлкөлүк банктарда 131 000 000 жана 555 000 000 доллары бар экени, бирок аларды кайтарып алуу ниетинен баш тартканы жазылган.
Каримова: “Учурда ден соолугум жана эки операция жасатуу зарылдыгы кабатыр кылууда, буга байланыштуу президентке кайрылууга аргасызмын”, – деген.
Анын швейцариялык адвокаты Грегуар Манже Каримованын саламаттыгы начарлап кеткенин жана медициналык жардам көрсөтүлбөй жатканын маалымдаган.
Быйыл марттын башында Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримова үй камагынан жалпы режимдеги түрмөгө которулганын билдирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ