Menu

Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Отабек Муродовго кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Сенаттын жалпы жыйынында мурдагы башкы прокурор Отабек Муродовго карата кылмыш иши козголгонун билдирди.

Шавкат Мирзиёев мурдагы башкы прокурорду паракорчулукка айыптады. Бир күн мурун президенттин маалымат кызматы Отабек Муродов 20-июнда кызматынан бошотулганын кабарлаган. Анын ордуна Сенаттын төрагасы Нигматилла Юлдашев дайындалган.

Өзбек президенти иш ыргагы ушул калыпта уланса, прокуратуранын ыйгарым укуктарын кыскартарын эскертти. Мирзиёев бул тармакты реформалоо үчүн жаңы жетекчиге алты ай мөөнөт бергенин айтты.

Өзбекстанда акыркы төрт жылда төрт башкы прокурор алмашты. Баары тең кийинчерээк кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: