Menu

Алматыда Денис Тенге айкел тургузулду

Бөлүшүү:

Алматыда 2018-жылы киши колдуу болуп каза тапкан казакстандык көркөм муз тебүү чебери Денис Тенге арналган айкел тургузулду.

Эстеликте спорчунун 2014-жылы Сочидеги Олимпиадада өнөр көрсөтүп жаткан учуру чагылдырылган. Бул мелдеште Денис Тен коло медаль утуп алган.

Эмгек Санкт-Петербургдагы айкелчи Матвей Макушкинге таандык.

Көркөм муз тебүү чебери, Сочи Олимпиадасынын коло медалынын ээси, 2014-жылы туулган Денис Тен 2018-жылы 19-июлда бычактан алган жараатынан каза тапкан.

Казак полициясы спортчу анын автоунаасынын күзгүсүн уурдагандардын курмандыгы болгонун билдирген. Денис Тендин өлүмү үчүн Нуралы Киясов менен Арман Кудайбергенов 18 жылга, Жанар Төлбаева төрт жылга эркинен ажыратылган.

Тендин өлүмүнөн кийин казак коомчулугу полицияны реформалоону талап кылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: