Menu

Грузин футболчулары орус оккупациясына каршы чыгышты

Бөлүшүү:

Тблисиде “Локомотив”, “Рустави” жана “Торпедо” футбол клубдары Грузиянын 19-чемпионатында Орусиянын тышкы саясатына карата өз мамилелерин билдиришти.

“Торпедо” спортчуларынын футболкаларында “Мен Грузияданмын, менин өлкөм Орусия тарабынан басып алынган” деп жазылган. Калган эки топтун оюнчулары дагы Грузиянын 20% аймагы оккупацияга кабылганын ишаара кылышкан.

Мамлекеттик Дума грузин футболчуларынын акциясына ошол замат жооп берди. Орусиянын Либералдык-демокартиялык партиясынын депутаты Игорь Лебедев эл аралык футбол федерациясын оюнчуларды ФИФАнын уставына ылайык жазалоого үндөдү. Эреже боюнча расмий оюндар учурунда саясий акцияларды өткөрүүгө тыюу салынат.

Тблисиде нааразылык акциялары 20-июнда башталган. Буга Мамлекеттик Думасынын депутаты Сергей Гавриловго байланышкан окуя себеп болгон. Гаврилов Грузияга Православ өлкөлөрүнүн парламент аралык ассамблеясына төрагалык кылыш үчүн барган. Нааразылыкка чыккан грузиндер жыйын учурунда Гаврилов төраганын креслосуна отурушун “Грузияны сыйлабастык” катары баалашкан.

Грузиндер Гавриловду орус президенти Владимир Путиндин өнөктөшү катары көрүшөт. Алар аны жикчил Түштүк Осетия менен Абхазия боюнча Орусиянын саясатын колдойт деп сындап жатышат.

Тбилисиде полиция менен демонстранттардын кагылышуусунан 200дөн ашуун адам түрдүү жараат алды, алардын 80и күч кызматкери экени айтылууда.

Демонстранттар Грузиянын ИИМ башчысы Георгий Гахариянын отставкасын жана шайлоо реформасын талап кылышууда. Бул окуядан улам парламенттин төрагасы Ираклий Кобахидзе кызматтан кетүүгө аргасыз болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: