Menu

Атамбаев азабы…

Бөлүшүү:

“Атамбаев кылымда бир келген апаат” -деп Бекболот Талгарбеков айткан эле. Бул апааттын азабы көпкө созулат окшойт. Мамлекетти, анын бийлик структураларын менчигине айлантып алган Атамбаев жасабаганды жасады. Шоопурун, жансакчыларын эң жогорку кызматтарга көтөрүп, мамлекеттик кызматтын баркын кетирди, коррупцияны болуп көрбөгөндөй күчөттү. Бул сөзүбүздү төмөндөгү фактылар менен бекемдейбиз.

Акаев, Бакиев учурунда да коррупция болгон. Бирок мамлекетке келген насыяны масштабдуу уурдоо болгон эмес. Акаев батыштан алынган чоң насыя менен Бишкек-Ош жолун курду. Ал жол азыр да элге кызмат кылууда. Акаевдин эң кечирилгис күнөөсү 2003-жылы Кумтөрдө жасаган көз боемочулугу. Мына ошол жылы Кыргызстан 68% үлүшү менен Кумтөрдү башкарууну колго алайын деп турганда, Акаев канадалык коррупционерлер менен биригип, “Центерра голд инк” компаниясын түзүп, Кыргызстандын үлүшүн 33% түшүргөн эле. Бул чаламандын чак түшүндөгү алдамчылык, уурулук эле. Мына ошонун айынан Кыргызстан Кумтөр алтынынан куржалак калды..

Бакиев үй-бүлөлүк башкарууну улантты. Кумтөр маселесин дурустап чечпеди. Бирок ал Россиядан алынган 300 млн насыяны, 150 млн грантты натыйжалуу пайдаланды. 300 млн доллардын 100 миллионуна Камбар-Ата‑2 ГЭСинин 1 агрегатынкурду. Калган 200 млндоллардыАтамбаев, Отунбаева, Текебаевбашындатурганубактылууларжоккылды…

Атамбаев менен Сапар Исаков Бакиев учурунда даярдалган энергетикалык долбоорлорду жеке байуу үчүн пайдаланышты. Азыр Бишкек Жылуулук борборун модернизациялоодон эле бери дегенде 100 млн доллар уурдашканы маалым болууда. Муну УКМК жүргүзүп жаткан тергөө далилдөөдө. Бул долбоорго Кытайдан 386 млн доллар насыя алынган. Эми Кытайга 500 млн долларга жакын кайтарылыш керек…

Датка-Кемин, альтернативдик Түндүк-түштүк жолуна 850 млн доллар насыя алынган. Ал кандай пайдаланылып жаткандыгын дурустап текшерген орган жок. Жалпысынан Кытайдан алынган 2 млрд долларга жакын насыянын бир топ бөлүгү коррупция жолу менен уурдалып, эми мамлекеттин мойнуна илинген оор жүк болуп турат…

Атамбаев доорундагы мамлекеттик бийликтин, парламенттин, атайын кызматтардын дискредитацияланышын айтпай эле туралы…

Мына ушундай былык иштери качандыр бир болбосун чыгаарын туйган Атамбаев бийликтин башка колго өтүшүнөн абдан эле корккон. Ошондуктан президенттик шайлоодо Бабановдун шансы көбөйгөндө жараланган аюудай айкырып, Жээнбековдун жеңишин камсыз кылуу үчүн мамлекеттик кызматкерлерди кууруп жиберди…

Жээнбековду жакшы көргөндөн ал президенттикке сүрөгөн жок. Ал Жээнбековду жеңилирээк башкарып алам деп ойлоду. Бирок жаңылып калды. Эгерде президенттик шайлоодон кийин Атамбаев Жээнбековго адамча мамиле кылып, ишине көп кийлигишпегенде сый бойдон жүрмөк, көп нерсе балким көмүскөдө калмак…

Бирок Атамбаев аша чаап кетти. Мына ошол күүсүнөн тайбай келип, эми абакка түшөр алдында турат. 8-июнда Атамбаев уюштурган митингинде парламентти, президентти “акылынын” жетишинче боктоп, өзүнө “аң” казып жатканын байкабады окшойт.

Жогорку Кеңеш тараптан Атамбаевге чечкиндүү жана катуу жооп болду. Атамбаевге айып коюу боюнча парламенттик комиссия түзүлүп, ал 9 пункттан турган айып койду. Талкуунун жүрүшүндө 6 айып калды. Алар:

— Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция, Тарых музейин оңдоодогу уурулук, А. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу, Бишкек ЖЭБине көмүр сатуу, Кой-Таш, Ысык-Көлдөгү жерлерди мыйзамсыз алуу боюнча айыптар.

Мына ушул айыптоолордун негизинде Атамбаевдин кол тийбестигин алуу Жогорку Кеңештин пленардык отурумунда жакын арада чечилет.

Албетте, Атамбаевдин командасы буга каршы чыгууда. Алар үчүнчү ыңкылап менен коркутушууда. Маселен, АШАнын оң колу саналган Фарид Ниязов парламенттик комиссиянын ишин “деструктивдүү” деп атап, бул иш токтобосо “ал элитанын алмашуусуна алып келет” деди. Фарид Ниязовдун бул сөзү “революция жасайбыз” дегендин жумшартып же кагазга оролуп айтылышы.

АШАнын анда башка жан-жөкөрлөрү региондорго чапкылап, спортсмендер менен жолугушуп, төңкөрүш аракетине абдан эле катуулап киришип жатышат. Алар социалдык түйүндөр аркылуу да чагым маалыматтарды таратып, регионалдык карама-каршылыкты жаратууга жандалбас кылууда. Мындай деструктивдүү аракеттерге тийиштүү органдар тарабынан жооп берилиш керек эле.

АШАчылар Матраимовдорго байланыштуу да түрдүү маалыматтарды таратып, шектүү банктык кагаздарды маалымат каражаттарына суна коюп жатышат. Алар Матраимовдор аркылуу президент Жээнбековго сокку урушууда. Бул жагынан алар кандайдыр бир максаттарына жетип жатышат.

Бирок Матраимовдор да оңой жоо эмес. Алар АШАчылардын мындай чабуулуна каршы бүт ресурстарын жумшап, жетиштүү жооп беришүүдө…

А. Акматов

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: