Menu

Тажикстанда өспүрүмдөр өрт койгон кыз жандандыруу бөлүмүндө

Бөлүшүү:

Тажикстанда үч өспүрүм чак түштө алты жашар кызга өрт койгон деп шектелүүдө. Окуя 19-июнда борбор шаар Душанбенин Сино районунда болгон. Өлкөнүн ички иштер министрлиги шектүүлөр кармалганын билдирди, бирок кыздын ата-энеси алар али эркиндикте экенин ырастоодо.

Дарыгерлердин маалыматына караганда, алты жашар Осия Зулфонова 65% күйүк алган, ал жандандыруу бөлүмүндө. Кыздын абалы оор.

Дарыгер Тохир Зубайдов Осиянын далысы, сол колу жана буту терең күйүп калганын, буга байланыштуу дарылоо жана калыбына келтирүү узак убакытка созуларын билдирди.

Бул фактыны Душанбе шаарынын прокуратурасы иликтөөдө, учурда кылмышка эмне себеп болгону жарыялана элек.

ИИМ өлкө президенти Эмомали Рахмон бул окуяга карата кабатыр болуп жатканын маалымдады. Президент саламаттык сактоо жана социалдык жактан коргоо министрлигине жабыр таркан кызга жардам берүүнү тапшырды.

21-июнда «Фараж» басылмасы балдар кызды короонун тосмосуна байлап, от коюшканын жазды. Кыздын атасы алар коңшу айылдан келгенин, ата-энеси карабай, өз билгенин кылып көчөдө ойноп жүргөн балдар экенин айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: