Menu

Видео – Фархат Баабиев, КСДПчы: “Ак үйгө баралы, жаштарды ушуга үндөйм, өздөрү мыйзамсыздыкка түртүп жатат, Атамбаевдин акылы, биздин колубуз, жүрөгүбүз менен бийликти алышыбыз керек!”

Бөлүшүү:

“Мен Жумгал районунун Баш-Кууганды айылынан болом. Мен Атамбаевден кийин келген бүгүнкү бийликке абдан нааразымын. Анткени мыйзамды, конституцияны тебелеп-тепсеп, өздөрү каалагандай башкарып жатышат. Жөнөкөй жаран болсо да бир жөн, буга дүйнө жүзү тааныган биздин улуу урматтуу Алмазбек Шаршеновичке карата жасап жаткан иштери далил болуп жатат”, – деп билдирди өзүн Жумгалдан келдим деп тааныштырган КСДПчы Фархат Баабиев 22-июнда Алмаз Атамбаевдин үйүндөгү анын тарапкерлеринин жыйынында.

“Эгер эртең Алмаз Шаршеновичтин кол тийбестигин алса ошол күнү Ак үйгө барышыбыз керек. Жаштар, мен ушуга үндөйт элем. Ташиев секирген забордон биз да секире алабыз! Мындай бийликтин кереги жок! Мындай максатсыз, келечексиз башкаруунун кереги жок. Сооронбай Жээнбеков кетсин! Чимкирик депутаттар тезинен кетсин! 200дөй спецназды алып келиптир Оштон ШОСко деп, ошолор менен Алмаз Шаршеновичти алабыз деген ниети бар экен. Булар деген от менен ойноп жатат. Түндүк менен түштүктү кайраштырып туруп, гражданский согушка алып барганы жатат. Биз 200 жоокерден коркпойбуз… Элдик кошундар, “Кырк чоро” Атамбаевди көздүн карегиндей сакташсын! Эгер бир нерсе болсо бизди чакыргыла, биз жардамга келебиз. Атамбаевди силерге аманатка тапшырабыз…  Азыр мыйзамсыз мамлекетте жашап жатабыз. Мыйзамсыз кадамга өздөрү түрткү болуп жатышат. Керек болсо мыйзамсыз кадам менен Алмаз Шаршеновичти сактайлы! Жалгыз бир киши гана бийликтин мыйзамсыздыктарына каршы чыгып жатат. Биз бул кишини колдоп, ушул кишинин акылы менен бирок биздин колубуз, жүрөгүбүз менен бийликти алышыбыз керек! Мен коркпойм чын-чынында. Мен бул бийликтен коркпойм!” – деди Фархат Баабиев.

Эсиңиздерге сала кетсек, 22-июнда экс-президент Алмаз Атамбаев өзүнүн президент кезде салган Кой-Таштагы хансарайында Аламүдүн районунун 12 айыл өкмөтүнөн аны камоодон коргойбуз деген жердештерин жана Анвар Артыков, Карамат Орозова, Асел Кодуранова сыяктуу депутаттарды, тарапкерлерин кабыл алып, жыйын өткөрүп, сый тамак берди.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: