2017-жылдагы Азия Чемпионатында жеңишке жетишкен казакстандык гимнасттардын алтын медалдары өзбек гимнастарына берилди.
Өзбекстан Улуттук Олимпиада комитетинин маалыматына караганда, Таиланддын Паттайя шаарында Көркөм гимнастика боюнча Азия чемпионаты старт алды. Турнирдин алдында Азия гимнастика ассоциациясынын кезектеги жыйыны өтүп, өзбек спортчуларына алтын медалдар ыйгарылды.
Казакстан курама командасы кызытма колдонгону аныкталгандан кийин казак спортчулары көрсөткөн жыйынтыктар жокко чыгарылган.
Өзбек гимнасттары 2017-жылдагы Азия чемпионатында күмүш медаль алышкан. Буга байланыштуу чемпион наамы Өзбекстанга ыйгарылды.
Өзбек гимнасттары Паттаядагы Азия мелдештеринде 3 алтын, 1 күмүш жана коло медаль утушту.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ