Menu

Тажикстанда партияга кирбеген кишилер гана БШК мүчөлөрү болот

Бөлүшүү:

Тажикстандын төмөнкү палатасы “Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия жөнүндө” мыйзам долбоорун жактырды. Ага ылайык, мындан ары саясий партиялардын өкүлдөрү БШКнын курамына кире албайт.

Тажик өкмөтү сунуштаган мыйзам долбоору боюнча аймактык шайлоо комиссияларына партияларга мүчө эмес кишилер гана кабыл алынат. Документтин авторлору мындай ыкма таза шайлоо өткөрүүгө жана “кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөөгө түрткү болот” деп эсептешет.

Тажикстандын төмөнкү палатасынын депутаты Бахтовар Сафарзоданын айтымында, БШК төрагасынын, орун басарынын жана 13 мүчөсүнүн макамы парламент депутаттарынын деңгээлине чейин көтөрүлөт, алардын баары бюджеттен айлык алат жана туруктуу иштешет. Аймактык шайлоо комиссиялары мурдагыдай эле коомдук башталгычта иш алып барышат.

Тажикстанда 2020-жылы парламенттик жана президенттик шайлоо өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: