Menu

2026-жылкы кышкы олимпиада Италияда өтөт

Бөлүшүү:

24-июнда Швейцариянын Лозанна шаарында Эл аралык Олимпиада комитетинин 134- Сессиясы болуп, мында 2026-жылкы кышкы олимпиадалык оюндар жана Паралимпиадалык оюндар өтө турган шаарлар аныкталды.

Ошентип 2026-жылкы 25-кышкы олимпиадалык оюндар жана Паралимпиадалык оюндар Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында өтмөк болду.

Бул италиялык эки шаар биргеликте талапкер болушкан. Мындан сырткары Швеция өлкөсү да кышкы олимпиаданы өткөрүүгө ниет кылган. Ошентип Италия өлкөсү олимпиадалык оюндарды үчүнчү ирет кабыл алганы камылга көрүшүүдө. 1956-жылы Кортина-д’ Ампеццо шаарында кышкы олимпиадалык оюндар өткөрүлсө, 1960-жылы Рим шаары жайкы олимпиадалык оюндардын отун жандырган. Ал эми 2006-жылы Турин шаарында өткөн кышкы олимпиадалык оюндарга Кыргызстандын делегациясынын курамында мен спорттук баяндамачы катары катышып келген элем. Ошондой эле 2018-жылы Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өткөн 23-кышкы олимпиадалык оюндарга катышкан кыргызстандык спортчулар ийгилик жарата алышкан эмес.

Ал эми 24-кышкы олимпиадалык оюндар 2022-жылы Кытайдын борбору Бээжин шаарында өткөрүлмөкчү. Бээжин шаары 2008-жылы жайкы олимпиадалык оюндарды өткөрүп, кыргызстандык балбандар Канат Бегалиев күмүш, Руслан Түмөнбаев менен Базар Базаргуриев коло байгелүү болушкан. 2022-жылкы кышкы олимпиаданы өткөрүүгө коңшу Казакстандын Алматы шаары дагы талапкер болуп, Бээжинге 4 упай айырма менен жеңилип калган.

Спорттук баяндамачы катары 6 жайкы: Атланта, Сидней, Афина, Бээжин, Лондон, Рио-де-Жанейро, 4 кышкы: Сольт-Лейк-Сити, Турин, Сочи, Пхенчхан олимпиадалык оюндарды жеринен чагылдырып турдум. Муну айткан себебим, кышы сонун Кыргызстанда кышкы спортко көңүл бурулса, эл аралык талаптарга ылайык спорт базалар курулса, адистерди окутуу маселелери чечилсе кыргызстандык спортчулар деле ийгилик жарата алышмак.

Ал эми 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга азыртан даярдыктарды күчөтүп, жолдомо алууга аракет кылуу зарыл. Спортчуларды шыктандырып, өкмөт азыртан камкордук көрүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктарды жарыя кылса болмок эле.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: