Menu

Батукаев баяны, камалабы дагы далайы же бир зек баарын зек кылмай болду

Бөлүшүү:

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп өлкөдөн чыгарылышына байланыштуу ошол учурдагы аткаминерлер четинен жоопкерчиликке тартылып, кармала, камала баштады. Буга чейин бир катар врачтар, тиешелүү чиновниктер камалган. Дагы да тизме уланууда өткөн аптада ошол кездеги өкмөт аппаратынын коргонуу, коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Марат Бекенов камалды. Нарын шаарынын мурдагы судьясы Жапар Эрматовго кине тагылганын кабарлады. Эрматов Батукаевдин “айыккыс оорусунан” улам абактан мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунуштамасын тыкыр иликтеп чыкпастан, аны канааттандырып берген деп шектелүүдө. Эми болсо Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча Жогорку соттун мурунку төрайымы Феруза Жамашева камалаары айтылууда. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты. Буга чейин, Феруза Жамашева Батукаевдин ишине эч кандай тиешеси жок экенин, мындан кабары болбогонун айткан эле. Эске салсак, Феруза Жамашева 2012-15-жылдары Жогорку соттун төрайымы болуп иштеген.

Батукаев деген балее жөнөкөй дарыгерден баштап, башкы прокурорго чейин баарын каматып бүтмөк болду. Тиешеси барлар титиреп жатышат. Качан келип кармап кетет деп. Чекит коюларына аз калды.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: