Menu

Кулматов менен Ибраимов УКМКнын тергөө абагында калды

Бөлүшүү:

Бишкектин Ленин райондук соту 24-июнда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин карап, экөөн тең №1 тергөө абагына которуу тууралуу өтүнүчтү четке какты.

Экс-мэрлер Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында калтырылды. Бул тууралуу Кулматов менен Ибраимовдун тарапкерлери билдиришти.

Өткөн жумада УКМКнын тергөө абагында орун жок калгандыктан, мурдагы эки мэрди Бишкектеги Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) караштуу№1 тергөө абагына которуу тууралуу өтүнүч менен сотко кайрылган. Адвокаттар буга каршы чыгышкан.

Кулматов «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп күнөөлөнгөн. Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган. Экс-мэрлердин ишин бириктирип кароо тууралуу чечим 6-марттагы жараянда кабыл алынган. Аны бөлүп кароо боюнча адвокаттардын бир нече жолку өтүнүчтөрү канааттандырылган эмес. Быйыл экинчи майда мурдагы эки аткаминердин тергөө абактагы мөөнөтү эки айга узартылган.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: