Menu

Алмазбек Атамбаевдин куралым бар деген сөзү согушууга, кан төгүүгө даярмын дегенди каңкуулайбы?

Бөлүшүү:

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Ташта хансарайы бар экенин элдин баары эле билчи. Эң кызыгы ал хансарайды 2011-2017-жылдар аралыгында, Кыргызстандын президенти болуп турган убакта салганы көп талкуунун өзөгүн түзүп, элдин нааразычылыгын туудуруп келген. Бирок, ал үйүн эч ким көрө элек эле. Анан айласы куругун экс-президент ошол үйүнө 22-июнь күнү айылдаштарын чогултуп дагы бир ирет актанды. Жыйналыш өткөргөн боз үйгө окшошуп жасалган жыйын залы эле ушунчалык кооздук менен жасалгаланып салыныптыр, демек, чоң үйү да оңбогондой каражаттын башын жутканы айтпаса да белгилүү да.

Бизди таң калдырганы 6 жыл мамлекетти башкарган адам элдин биримдигин, ынтымагын ойлогондун ордуна эл арасына жик салган сөздөрдү сүйлөп, башкалардын да ошондой сөздөрүнө орун берилди. Кыргызстанды регионалдык ажырымга түрткөн сөздөрүнө тиешелүү органдар баа бериши керек го, ыя?

Анан дагы Алмазбек Атамбаев менин куралым бар, коргоном деген сөзүн айтты. Былтыр ушу маалда Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимов дагы: «Мени эч ким камай албайт, снайперди коюп коем» деп күпүлдөдү эле. Албек Ибраимовдун, башкача айтканда «шакиртинин» бүгүнкү абалын көргөн экс-президент Атамбаев курал жөнүндө ооз ачпашы керекэле…

Айтор, экс-президенттин 22-июндагы жыйыны коомчулукту ушунчалык иренжитти. Эл көзүндө жүргөн, саясатты тереңден билген инсандар коомчулукту ынтымакка чакырып, экс-президентке түз кайрылууларды жолдоп жатышат. Биз төмөндө коомдук ишмер Эмилбек Каптагаевдин пикирин толугу мейен сунуштайбыз.

Эмилбек Каптагаев: “Атамбаев мырза! Тапанча, мылтык эле эмес замбирек коюп алсаңыз дагы мыйзамга каршы тура албайсыз”

Алмазбек Шаршенович!

Кечээ ачык жарыя кылып көрсөткөн жыйыныңызды, ал жердеги болгон маанайды көрдүк, айтылган сөздү уктук.

«Шымына чычкан колун аябайт» деген ахвалга эми келиптирсиз, Алмазбек Шаршенович… Өз колуңуз эле эмес, айланаңызда жүргөндөрдүн тагдыры да өзүңүз үчүн текейге татыбай тургандыгын, аларды да аябай тургандыгыңызды, чыркыратып отко дагы, сууга дагы сала берүүгө даяр экендигиңизди уктук кечеги сөзүңүздөн.

Коркуп, ушуңуз кетип калыптыр. «Жалгыз жатып атышам, куралым көп, өз башымды коргойм» – дегениңиз дараметтин, күч кубаттын көрсөткүчү эмес, тетирисинче алсыздыктын, аргасыздыктын белгиси… бул акылмандык, көрөрмандык жеке өсөмдүктүн көрсөткүчү эмес, тетирисинче көңдөйлүктүн, көрпенделиктин белгиси. Мындай сөздү заманасы куурулуп, дүйнөсү тарып, оозунан сөзү түшүп туңгуюкка кептелип калган киши гана айтат. Тапанча, мылтык эле эмес замбирек коюп алсаңыз дагы мыйзамга каршы тура албайсыз, коомдун пикирине, элдин демине каршы туралбайсыз, аны өзүңүз деле, жаныңызда жүргөндөр деле билип эле турасыңар.

Ошондуктан, өзүңүз айтып жаткандай «Кудайдын, элдин, тарыхтын сотуна» даяр болгонуңуз чын болсо, анда жашоо чындыгына тике карап, тагдырдын мыйзамына баш ийгениңиз оң… Сизден элдин назары сынды, Кудайдын назары сынды… Мамлекетке, элге карата жасаган кыянаттык иштериңиз айкын болду, ачык жарыя кылынды… сылыктап айтканда – абийириңиз айрандай эле төгүлдү… Бул чындыкты моюнга алыңыз!

Калпты чындай урдуруп элдин башын айлантканды токтотуңуз! Болбосо өзүңүз үчүн дагы, бала-бакыраңыз үчүн дагы, сизге ишенип жаныңызда жүргөндөр үчүн дагы аягы жаман иш болоорун сезгениңиз оң. Өз башыңыз менен ойносоңуз дагы, башка бирөөлөрдүн тагдыры менен ойнобоңуз. Ансыз деле 2010-жылы 7-апрелде көкүрөгүн окко тосуп, эл үчүн, жаркын келечек үчүн деп шейит кеткен мекендештерибиздин каны мойнубузда, ошол кыйылган өмүрлөрдүн, төгүлгөн жаштын өтөөсүнө толук чыга алган жокпуз, эл күткөн, эл үмүт кылган коомдук өзгөрүүлөрдү жасай алган жокпуз. Тетирисинче өз колуңуз менен күн карама, карөзгөй сот түзүмүн жараттыңыз, айдактаган жакты жапырып баса кала турган прокуратура, коопсуздук кызматы жана милисаны түптөдүңүз, оозуңуздан түшүрбөй «жерден алып көргө, көрдөн алып жерге» уруп жүргөн кландык башкарууну кайра курдуңуз… натыйжада коррупцияны гүлдөтүп өстүрдүңүз… Ошону менен Апрель Элдик революциясынын идеяларын саттыңыз, жеке кызыкчылыктар үчүн садага чаптыңыз. Бул чындыкты да мойнуңузга алыңыз!

Сиз азыр мамлекет үчүн, Эл үчүн күйгөн жоксуз, сиз азыр өзүңүздүн кара өзгөйлүңүздөн, карасанатайлыңыздан, бийликти, атак-даңкты жеке ээлеп калам деген арам оюңуздан улам колуңуздан жулдуруп ийген дөөлөт үчүн күйүп жатасыз, кечеэле эки колдоп мыкчып отуруп жоготуп ийген бийлик үчүн, ал бийликтин аркасы менен жетем деп үмүт кылып жаткан байлык үчүн күйүп жатасыз…

Муну элдин баары көрүп-билип эле турат. Бул чындыкты да мойнуңузга алыңыз!

Ар ким өз колу менен жасаганды өз моюну менен тартканы туура, башка бирөөлөрдүн артына жашынып, катын-калач, жаш балдарды отко сала берүү Кудайга деле жакпаган иш Алмазбек Шаршенович, эсиңизге келиңиз! Ушунчаңызда токтоңуз!

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: