Menu

Чодуев не дейт?

Бөлүшүү:

Буга чейин зам болуп, кийин сам болгон Айыл чарба жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айыл аймагында дыйкан-фермерлер менен жолугушуп, аларга кооперативдерге биригүүнү сунуштады. Министр кооперативдин артыкчылыктарын белгилеп, жеңилдетилген насыя алуу оңой болорун, өндүргөн азык-түлүктөрүн сатууда да кыйынчылыктар болбойт, баа жогору аныкталат деп ишендирди. Анын айтымында: “Учурда заманбап технологияларды колдонуу ыкмасы менен тамчылатып суугаруу, сууну үнөмдүү пайдалануу жакшы натыйжа берүүдө. Дыйкандар биригип, кооператив түзсөңүздөр, мунун артыкчылык жактары көп”, – деди министр Чодуев. Сунушу жакшы экен бирок ушул убакка чейин эмнеге сунуштабай жүрдү болду экен? Дегенибиз эртерээк айтылганда быйылкыдай картошкабыз чирибей, төө бурчагыбыз арзан болбой, пахтабыз тебеленмек эмес беле? Быйыл кандай болот?

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: