Menu

Тажикстан прокуратурасы алты жаштагы кыздын өрттөлүшүн иликтөөдө

Бөлүшүү:

Тажикстанда Сино райондук прокуратурасы алты жаштагы кызды өрттөө фактысы боюнча териштирүү иштерин баштады.

Душанбе шаарында кичине кызды өрттөөгө 9дан 15 жашка чейинки үч өспүрүм шектелүүдө. Алар учурда эркиндикте.

Осиянын денесинин 65 пайызы күйүп калган. Кыз күн мурун өзүнө келди. Осиянын чоң апасы Фотима Зулфонованын билдиришинче, үч өспүрүм кыздын жолун тороп, зым тосмого аркан менен таңып, кургак чөп үйүп, өрттөп жиберген.

«Өрттөп туруп качып кетишкен. Өрт кызымдын кийимине жабышкан, аркан күйгөн соң Осия бошонуп “Өрттөнүп жатам” деп агасыныкына жүгүргөн. Ал жакта ага жардам беришип, дарыгерлерди чакырышкан», – деди Осиянын чоң апасы.

Шектүү өспүрүмдөрдүн экөө күнөөсүз экенин, Умед Очилдыев аттуу үчүнчү баладан коркконунан анын жанында болгонун билдирүүдө. Ал апасы менен жашайт, атасы бир нече жыл мурун үй-бүлөсүн таштап кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: