Menu

Видео – Башкы прокурор Атамбаевге коюлган беш айыпты негиздүү деп тапты

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын беш айыбын негиздүү деп тапты.

Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, мурдагы президенттин дарегине карата айтылган беш жагдай боюнча «Кой-Таштагы тамынын жери мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, ЖЭБге көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон» деп шек саноого кылмыштын белгилери бар.

Ошол эле кезде «бийликти узурпациялап, уюшкан кылмыштуу топ түзгөн, өз режимине каршы чыккан депутаттарды, коомдук ишмерлерди, журналисттерди куугунтуктаган» деген кинеге Атамбаевдин түздөн-түз катышы жок деп табылды.

Жогорку Кеңеш 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, аны Башкы прокуратурага жиберген. Депутаттык комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев Атамбаевдин кол тийбестик маселеси Башкы прокуратуранын жообунан кийин чечиле турганын билдирген.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаттарынын айыптоосу боюнча билдирүү таратып, парламенттин аракетинин артында азыркы президент турганын жана бийлик өзүн жалган айып менен соттогусу келип жатканын айткан.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: