Menu

“Жогорку сот” командасы кичи-футбол боюнча жыл сайын өтө турган турнирде мыкты аталды

Бөлүшүү:

Бишкекте кыйноолордун курмандыктарын  колдоонун Эл аралык  күнүнө арналган VI жыл сайын өтүүчү кичи – футбол боюнча турнир болду. Турнирде сот органдарынын кызматкерлеринен турган  курама команда сот тутумунун атынан чыкты. Спорттук мелдешке  күч структуралары, укук коргоо органдары,  өкмөттүк эмес  жана эл аралык уюмдар жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү  болуп 16 команда катышышты.

Футболдук турнирдин  жыйынтыгы менен  “Жогорку сот”  биринчи орунду ээлесе, “БУУ” командасы экинчи орунду,  ал эми  үчүнчү орунду  “Башкы прокуратура” командасы багындырды.

“Жогорку сот” командасынын  капитаны  Адилет Ибраевдин айтымында,  финалга  күчтүү командалар чыгып, кызыктуу ойун  көрсөтүштү.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кыйноолордун курмандыктарын  колдоонун Эл аралык  күнү жыл сайын 26- июнунда белгиленип келет.  Бул дата БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан  1997-жылдын 12-декабрында жарыяланган.

Эл аралык күн кыйноолорду  толугу менен жок кылууга жана “Кыйноого жана башка ырайымсыз, адам жасагыс же   адамдын кадырын кемсинтүүчү мамилелердин   түрлөрүнө жана жазалоолорго каршы Конвенциянын” эффективдүүлүгүн камсыз  кылууга багытталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 17 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: