25-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевге Казакстандын Туркестан облусунун Арыс шаарындагы абалга байланыштуу колдоо сөздөрүн билдирди.
Ал Кыргызстан өзгөчө кырдаалды жоюуда жардам берүүгө даяр экенин белгиледи.
Президент Сооронбай Жээнбеков курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, жабыркагандарга тез сакайып кетүүсүн каалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ