Menu

Өзбекстандын 20 жараны Казакстанда кулчулукка кабылган

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Алматы облусунун Каскелен шаарындагы атайын жайда 20 өзбек жараны отурганын тастыктады.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө кулчулукка кабылган өзбек мигранттары тууралуу кабар тараган.

23-июнда Алматыдагы Өзбекстан консулдугунун кызматкери социалдык түйүндөр аркылуу түшкөн кайрылууну текшерүү үчүн Жамбыл районунун Мыңбаев айлына барган. Дипломат Хорезм облусунан келген 20 өзбек жараны март айынан бери аймактагы кирпич заводдо иштегенин аныктаган. Заводдун кожоюну алардын паспортторун алып койгон, айлык акыларын да төлөгөн эмес. Буга байланыштуу мигранттар жергиликтүү укук коргоо органдарына кайрылышкан.

Чет өлкөлүк жумуш күчүн мыйзамсыз пайдаланганы үчүн завод ээсине кылмыш иши козголду, өзбек жарандары тергөө иштерин жүргүзүү үчүн атайын жайга жеткирилди.

Өзбекстандын Алматыдагы башкы консулдугу бул окуяны өз көзөмөлүнө алганын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: