Menu

Расул Үмбөталиев, эксперт: “Артыкбаев менен Аида Салянова экс-президентке каршы көрсөтмө берип жатышат”

Бөлүшүү:

– Расул мырза, Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен болгон жолугушууда курал колдоноорун ачык айтты. Бул анын айла кеткендеги кадамыбы же ал чындап эле ошол жолду тандаганыбы?

– Чынын айтыш керек. Атамбаевдин айласы кетип, аргасы түгөнүп турган чак. Ошон үчүн оюна келгенди оттоп, оозуна келгенди сүйлөп жатат. Анткени, анын былыктары биринин артынан бири чыгып, коррупциялык схемаларга тиешеси бар экени аныкталып, Башкы прокуратура да ага депутаттык комиссия тарабынан коюлган айыптын бешөөсүн туура деп тапты. Атамбаев өзүн коргоп калуу үчүн жана кырдаалды жөнгө салуу үчүн бийликтин шаштысын кетирүү максатында, ушундай сөздү оозанып жиберди. Бирок, мындай сөздөр аны сактап кала албайт. Ал эртеби-кечпи камалат. 6 жылдагы мыйзамсыз иштери үчүн жооп берет. Ал канчалык жан талашса дагы аны 2005-; 2010-жылдагыдай эч ким колдобойт. Башкача айтканда, аны ошондогудай эч ким ээрчибейт. Ал ким экенин, кандай башкаруучу болоорун эл көрүп, билип калды. Ошон үчүн ал канчалык жан талашса дагы, эмне деген сөздөрдү айтса дагы баштагыдай колдоого ээ боло албайт.

Ал анткени, бир эмес, үч жолу берген антын аткарган жок. Эл алдына жалындуу сүйлөп, ант бергени менен жасаган иши теңирден тескери болду. Ошон үчүн Атамбаев баштагыдай колдоого ээ боло албайт.

– Атамбаев камалышы мамлекетибиздин стабилдүүлүгүнө таасир этиши мүмкүнбү?

Анын камалышы эч кандай стабилдүүлүккө таасир этпейт. Атамбаев оозун толтуруп, Чүйдүн жигиттери келип жатат деп жердештерине таянганы менен Кой-Таштагы жолугушуусунда Арашандын, Кой-Таштын кемпир чалдары эле олтурганын көрдүк го. “Чимкирик” парламенттин койгон дооматы орунсуз дегени менен чынында ошондой адамдардын парламентке келишине мен эмес, Атамбаев шарт түзбөдү беле. Атамбаевдин купулуна толгон адамдар мандатка ээ болгон үчүн “Кыргызстанга” окшогон фракциялар майлуу-сүттүү тармактарды басып алды го.

Учурунда энергетикалык тармактагы акылга сыйбаган опурталдуу жагдайларды, мыйзамга дал келбеген нерселерди чырылдап айтсам, менин сөзүмдү угуп, туура жыйынтык чыгармак турсун, мени камап коё-буз деп коркутканга аракет кылышты эле го. Алар ошол кезде мага окшогондордун оозун күч менен басканга аракет кылышканы менен мен чырылдап айтып жүргөн нерсенин баары чындык экени акырындык менен ачыкка чыга баштады.

– Башкасы аз келгенсип, эми Атамбаевге көмүр кени боюнча Салянованын 4 жыл мурдагы кайрылуусун колдонуп жатышат го?

– Атамбаев мезгилинде ошол ТЭЦке келген көмүргө чейин кийлигишчү да. Ошол көмүр ташуудагы коррупциянын айынан Осмонбек Артыкбаев менен Аида Салянова кызматтан кеткен. Азыр Осмонбек Артыкбаев да, Аида Салянова да экс-президентке каршы көрсөтмө берип жатышат. Эсиңиздерде болса 2014-жылы көмүр жаңжалы болгон. Себеби 2010-жылдан баштап эле «Прогресс компани» көмүр ташып жатканда «Жезказган энергосбыт» деген компания пайда болуп, тендерди утуп алган. Атамбаев «Прогресс компани» менен кызматташып келген үчүн Артыкбаевди чакырып алып ошол компанияны гана өткөрүү талабын койгон болчу. Анын каалоосу ишке ашпай калганда Артыкбаевди кызматтан алып, андан кийин Салянованы да кызматтан кетирип, анын күйөөсүнө кылмыш ишин козгогон. Ошондой эле “Электр станциялары” ишканасынын жетекчилери менен “Жезказган энергосбыт” компаниясынын өкүлүнө кылмыш иштерин козготкон. Атамбаевдин коррупциялык схемалары туш тараптан чыга баштаганда анын көмүр чырына аралашкан жагдайлары да көз жаздымда калбай, маани бериле баштады. Анткени, “Прогресс компани” менен “Рассвет компани” деген эки башка аталыштагы компаниялардын расмий жазылганы негиздөөчүсү бир эле Болот Абиров деген адам болгон. Учурда анын уулу Жаныбек Абиров Бишкек шаардык кеңешине төрага болуп отурат. Башында “Прогресс компани” Бишкек ЖЭБине көмүр тартып, иштеп келсе, 2014-жылдагы чатактан кийин аны жаап коюп, “Рассвет компани” ишке кирген. Алты жылдан бери мына ушул эле компания көмүр ташуу укугуна ээ болуп, тендерден утуп келишкен. Болгону аттары гана алмашкан.

– Эгер коррупциялык схемалар орун алганы чын болсо, канча киреше табышкан?

– Булар көмүр ташып келүүдөгү коррупциялык схемалардан жыл сайын 15-20 млн. доллар көмүскө киреше таап, мамлекетке зыян келтирип келишкен. Булар кирешени миңдеген доллар менен эмес, миллиондогон долларлап табышкан. Ошон үчүн Артыкбаев менен Саляноваңы кызматтан кетирген.

– Азыр сүйлөгөн саясатчынын баары эле Атамбаевге асылганды адат кылып апышты. Ал камалса эле адилеттүүлүк орун алабы?

– Адилеттүүлүк толук орун албаса дагы ар ким кылган ишине эртеби-кечпи жооп берерин түшүнүп калат. Кыскасы, Атамбаевдин тагдыры, ага козголчу кылмыш иштер көп чиновниктерге сабак болот.

Негизи бүгүн Атамбаевди камайбыз деп чамынып жаткандар эртең Сооронбай Жээнбековду камайбыз деп чыкпаш үчүн президент кыска убакыттын ичинде реформаларды ишке ашырышы керек. Болбосо, бул системанын жыйынтыгы эртең Сооронбай Жээнбековду камайбыз деген күнгө да жеткирип коюшу мүмкүн.

Маектешкен: Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: