Menu

Өзбекстанда өнөр адамдары Гүлнара Каримованы бошотууну суранышууда

Бөлүшүү:

24-25-июнда өзбек шоу-бизнесинин айрым белгилүү ишмерлери социалдык түйүндөр аркылуу мурдагы президенттин кызы Гүлнара Каримованы мактап, аны түрмөдөн бошотууну суранышты.

Ташкенттик блогерлердин биринин айтымында, аларга мындай көрсөтмөнү президенттин администрациясы берген.

Блогердин пикиринде, бул кампания Гүлнара Каримованы бошотууга коомчулукту даярдоо жана позитивдүү мамиле жаратууга багытталган.

“Божалар” тобунун солисти Жахонгир Позилжонов социалдык түйүндөргө Гүлнара Каримова менен түшкөн сүрөтүн жарыялап: “Сизди сагындык, тезирээк үйгө кайтышыңызды жана бекем ден соолук каалайбыз” деп жазган.

Гүлнара Каримованы бошотуу боюнча челленжге актриса Халима Ибрагимова, эстрада ырчылары Шахзода Матчонова, Зиёда, Далер Субхонов, Дилфуза Кадырова да кошулган.

«Узбекконцерт» мекемеси бул боюнча комментарий берген жок.

Буга чейин Гүлнара Каримованын адвокаты анын саламаттыгы кескин начарлап кеткенин кабарлаган.

Гүлнара Каримова адвокаты менен акыркы жолу жолугушкандан кийин өзбекстандыктарга жана президент Шавкат Мирзиёевге кайрылып, кечирим сураган. Гүлнара мунапыс берүүнү өтүнүп, чет өлкөдөгү активдеринен баш тартарын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: