Menu

Тажикстанда президент менен жолугушууну каалаган аял алты саат милиция бөлүмүндө кармалды

Бөлүшүү:

Рашт райондук милиция кызматкерлери түрмөдө отурган жарандык активист Жунайдулло Худоёровдун апасы Мавжигүл Гарибованы кармап, алты сааттан кийин бошотушту.

Гарибова уулу себепсиз түрмөдө отурганын айтуу үчүн Рашт районуна жумуш сапары менен келген президент менен жолушууну каалаган. Бирок милиция кызматкерлери президентти күтүп турган топ адамдын ичинен аны кармап кетишкен.

Рашт райондук милиция бөлүмү Мавжигүл Гарибованын кармалганы тууралуу түшүндүрмө берген жок.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон 24-июндан бери Рашт өрөөнүндө иш сапар менен жүрөт. Ал 27-июнда Ынтымак Күнүн майрамдоого катышат.

Жунайдулло Худоёров 2018-жылы августта “Салафия” кыймылына тиешеси бар деген айып менен 5 жылга эркинен ажыратылган. Бирок Худоёров социалдык түйүндөрдө жергиликтүү бийликти сынга алганы үчүн жазага тартылганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: