Menu

Кытай Бишкекте өткөн ШКУ саммитинин чыгымдарын өз мойнуна алат

Бөлүшүү:

Кытай өкмөтү Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынын уюштурууга кеткен 6 млн 760 миң доллар чыгымды өз мойнуна алат.

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча Кытай менен Кыргызстан ортосунда тиешелүү катка кол коюлду.

Бул сумма чыгымдардын кайсы бөлүгүн жабары так айтылган жок.

ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны 14-июнда өткөн. Анын жыйынтыгында Бишкек декларациясы кабыл алынган. Мындан тышкары саммиттин катышуучулары 20дан ашуун документке кол коюшкан.

Уюм төрагалагы Орусияга өткөн. ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Мамлекет башчыларынын кеңешинин кийинки жыйынын 2020-жылы Орусияда болот.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: