Menu

Жаман аял “кетем” деп, жаман эркек “өлөм” деп коркутат!

Бөлүшүү:

Кыргызда, “жаман аял кетем деп коркутат, жаман эркек өлөм деп коркутат” – деген сез бар. Мына ошол лакап кеп Атамбаевге жарашып турат. Колунан ооматы кетип, былык иштери билинип, жакында камакка түшө турган болуп калды. Улам эле, “мени Соке сатып кетти”- деп айтып жатпайбы.

Анын төркүнү мындай, убагында “Соке досум келсе кылмыштарымды ачпайт, уурулугумду жаап-жашырат”- деп катуу ишенген. Бирок, досунун жаап-жашыргыс, төө көтөрө алгыс күнөөлөрүнө Сооронбай Жээнбеков көз жумуп коё алган жок. Ал: “мыйзам чегинде ким күнөөлүү болсо, аларды жазага тарткыла. Досум экенине карабагыла”- деп тапшырма берген.

Соке досунан жансоога болбосун түшүнгөн Атамбаев, эми истерика болуп жатат. Расмий бийлик, президент Сооронбай Жээнбеков эч нерсе деп айта электе эле Атамбаев чыгып алып, “мен акмын, мен тазамын” – деп жатат. Же, Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдин күнөөсү бар деп бир жерде айттыбы? Бир дагы жолу ал тууралуу ооз ача элек. Ага карабай эле күнөөсү бар биринчи кыйкырат болуп жатат Атамбаев.

Кечээ жакында Кой-Таштагы үйүндө өткөн чогулушта, “менин үйүмдө куралым бар, тапанчам бар, винтовкам бар, башкасы дагы бар. Мен койдой болуп мойнумду тосуп бербейм”- деп айтпадыбы. Ошол жыйын соңунда өзүнө караштуу адамдарын чогултуп, “керек болсо мен өзүмдү өзүм атып өлтүрүп, бул бийликтен өч алам” – деп айтыптыр.

Атамбаевдин өзүнө-өзү кол салуу планы бар экен. Эгер Атамбаев атынып алса, анда тарыхта “уурулугу билинип, уятына чыдабай атынып алган президент” – деген ат менен калат. Жаман эркек өлөм деп коркутат болуп жатат бул…

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: